Бишкек, 13.04.26 /Кабар/. Кечки тамактан кийин дароо уктаганга болбойт. Бул тууралуу гастроэнтеролог Александр Приказчиковго таянып, Lenta.ru басылмасы жазды.
Дарыгер кечки тамактануунун эң ылайыктуу убактысына токтолду. Эгер адам тамак жегенден кийин дароо жатып алса, ашказандагы тамак кызыл өңгөчкө кайра көтөрүлүп, аны жабыркатып, ал тургай эрозияга чейин жеткириши мүмкүн. Адис белгилегендей, кечки тамакты уктардан 2-3 саат мурун ичүү эң туура убакыт болуп эсептелет.
Мындан тышкары, ал кечки тамактан кийин сейилдөө эң пайдалуу адат экенин кошумчалады. Эгер мындай мүмкүнчүлүк болбосо, жок дегенде дароо жатып калбоо керектигин айтты. Бул эреже кайсы тамак убактысынан кийин болбосун сакталса, жакшы натыйжасын берет.