Бишкек, 10.02.26 /Кабар/. Кытайдын Чунцин шаарында инновациялык электросамолёт (eVTOL) ийгиликтүү сыноодон өткөрүлдү. Ал аэрокосмостук илим жана технология корпорациясынын 9-академиясы тарабынан иштелип чыкты жана учуп-конууга жөндөмдүү. Бул тууралуу Kazinform кабарлайт.
Маалыматка ылайык, жаңы аппарат учак менен автоунаанын мүмкүнчүлүктөрүн бириктирген гибриддик платформа болуп саналат. Аппарат жер үстүндө да, абада да эркин жүрө алат. Зарыл учурда автоунаа сыяктуу жол менен жүрүп, керек болгондо учактай асманга көтөрүлөт. Мындан улам ал шаар шарттарына жана ар кандай транспорттук иштерге оңой ылайыкташат.
eVTOL аппараты канаттан, жүргүнчү кабинасынан жана шассиден турат. Аба бөлүгү эки адамды 3 миң метр бийиктикке чейин көтөрүп, саатына 150 чакырым ылдамдыкта уча алат. Ал эми жер үстүндө жүрүүчү бөлүгү толугу менен электр энергиясы менен иштеп, бир кубаттоодо 300 чакырымдан ашык жүрүү мүмкүнчүлүгү бар.
Инженерлердин айтымында, бул аппаратты адамдарды ташууда, жүк жеткирүүдө жана өзгөчө кырдаалдарда ыкчам жардам көрсөтүүдө колдонууга болот.
Белгилей кетсек, буга чейин Кытай өлкөсү гибрид кыймылдаткычы бар дүйнөдөгү алгачкы оор учкучсуз аппаратты да ийгиликтүү сынаган.