Кесиптик лицейлердин окуучулары Ысык-Көлдө эс ала алышат

Коом Загрузка... 01 Июль 2026 17:00
733890259_1555099909595267_8606917720918065729_n.jpg
copyright icon Агартуу министрлиги

Бишкек, 01.07.26. /Кабар/. Башталгыч кесиптик билим берүү системасында окуган, социалдык жактан аялуу катмардагы өспүрүмдөр үчүн жайкы эс алуу жана ден соолукту чыңдоо программасы башталды.

Агартуу министрлигинен билдиришкендей, быйылкы жайкы кампания Ысык-Көл облусунун Кош-Көл айылындагы №85 кесиптик лицейдин базасында жайгашкан "Келечек" эмгек жана эс алуу лагеринде уюштурулууда.

Программага өлкөнүн булуң-бурчунан төмөнкү категориядагы жаштар катышууда:

  • реабилитациялык топтордун окуучулары;
  • ата-энесинин камкордугусуз калган балдар жана майыптыгы бар өспүрүмдөр;
  • турмуштук оор кырдаалга туш болгон аялуу катмардагы окуучулар.

Учурда республика боюнча 76 кесиптик лицейден жалпысынан 1 293 окуучунун жайкы эс алуусун уюштуруу боюнча өтүнмө келип түшкөн.

Лагердин алкагында окуучулар үчүн спорттук, маданий иш-чаралар, интеллектуалдык оюндар, экскурсиялар, эмгек практикасы жана лидерлик сапаттарды өнүктүрүүчү тренингдер өткөрүлөт.

Белгиленгендей, бул программа Агартуу министрлиги тарабынан жергиликтүү мамлекеттик администрациялар менен тыгыз кызматташтыкта ишке ашууда.