Бишкек, 21.07.26. /Кабар/. 15-июлдан бүгүнкү күнгө чейин Ысык-Көлдүн экологиялык абалын жакшыртуу, биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо жана мыйзамсыз балык уулоонун кесепеттерин азайтуу максатында рейддер өттү.
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришкендей, рейддин жүрүшүндө көлдүн түбүнөн жалпы узундугу 11 миң 600 метрди түзгөн эски синтетикалык торлор чыгарылды.
Мындан тышкары, 190 килограмм тиричилик калдыктары табылып, суудан чыгарылган.
"Ысык-Көлдүн экологиялык коопсуздугун камсыз кылуу боюнча рейддик жана көзөмөлдөө иш-чаралары мындан ары да үзгүлтүксүз жүргүзүлөт",-деп белгиленет маалыматта.