Ысык-Көлдөн 6 айда 35 миң метр тор чыгарылды

Экология Загрузка... 20 Июль 2026 11:00
WhatsApp Image 2026-07-20 at 10.51.47 (1).jpeg

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Бишкек, 20.07.26. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын биринчи жарымында Ысык-Көл облусунун аймагында 100дөн ашык рейд өткөрүлүп, Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы тарабынан көлдөн 35 миң метрге жакын мыйзамсыз балык уулоочу тор алынган. Бул тууралуу аталган кызматтын директору Бекжан Султангазиев “Биринчи радионун” түз эфиринде билдирди.

Анын айтымында, учурда рейддик иш-чаралар атайын бекитилген графиктин негизинде көлдүн үстүндө да, жээк аймактарында да үзгүлтүксүз жүргүзүлүүдө. Бүгүнкү күндө 3 кайык тартылып, көзөмөл иштери күнү-түнү уланууда.

Мындан тышкары, жайыттарды авто жана мото транспорт каражаттары менен бузууга тыюу салынган. Бул багытта түшүндүрүү иштери күчөтүлүп, Кырчын жана Көк-Жайык жайлоолорунда туруктуу текшерүүлөр өтүп жатат.

Маалымдалгандай, мурда маалыматтын жетишсиздигинен улам мыйзам бузуулар көп катталса, учурда мындай учурлар кыйла азайганы белгиленди.