Бишкек, 19.06.26. /Кабар/. Манас шаарына караштуу Кыргызстан айылынын аймагындагы Көк-Арт дарыясынын нугунан мыйзамсыз түрдө кум-шагыл аралашмасын казып алуу фактысы аныкталды.
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришкендей, кум-шагылды мыйзамсыз казган "Барсбек Коган Ко" ишканасынын иши токтотулду.
Ишканага Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык, 35 миң сом өлчөмүндө административдик айып пул салынды. Ошондой эле мыйзамсыз кум-шагыл казган дагы бир жаранга 13 миң сом айып пул салынды.

"Дарыя нуктарынан мыйзамсыз кум-шагыл казуу табигый тең салмактуулукту бузуп, сел коркунучун күчөтөт жана жээктердин бузулушуна алып келет. Бул багытта рейддик иш-чаралар туруктуу улантылмакчы",-деп айтылат маалыматта.