Акыркы беш жылдан бери Кыргызстанда табигый кырсыктардын, анын ичинде сел жана суу ташкындарынын саны 3 эсеге өстү. 2020-жылдан бери өлкөдө 300дөн ашык табигый кырсык катталып, 3 миңден ашык адамдын өмүрүн алып кеткен. Климаттын өзгөрүүсүнөн улам мөңгүлөрдүн эриши дал ушул селдин жүрүшүнө, суу ташкынына жана жер көчкүлөргө алып келет. ӨКМ өз кезегинде мөңгүлөрдүн жана кар көчкүлөрдүн коопсуздугуна мониторинг күчөтүлгөнүн билдирүүдө.
Кыргызстандын аймагынын 30%ына жакынын 8000ден ашык мөңгү жана түбөлүк кар каптап турат. Эң чоң Энилчек мөңгүсү Жеңиш жана Хан-Теңири чокусунда, ал эми Ак-Сай, Адыгене мөңгүлөрү Бишкектен анча алыс эмес "Ала-Арча" улуттук паркында орун алган. Ошол эле учурда тоолор Кыргызстандын аймагынын 90%дан ашыгын ээлейт. Бул өзгөчөлүк бир жагынан суктанарлык кооздук болсо, экинчи жагынан жаратылыш кырсыктары тобокелдиги бар дегенди билдирет.
Акыркы 70 жылда эле өлкөдө мөңгүлөрдүн 16%ы жок болуп кеткен. Натыйжада тоо калкы үчүн экологиялык эле эмес, социалдык, экономикалык көйгөйлөр күтүлүүдө. Мисалы, Кыргызстанда электр кубаттуулугу адатта ГЭСтерде өндүрүлөт. Нарын сымал дарыяларда суунун төмөндөшү энергетикалык маселелерди жаратышы ыктымал. Экинчиден, Кыргызстан эле эмес жалпы Борбор Азиянын айыл чарбасы Тянь-Шань менен Памирден түшкөн суулардан көз каранды.
Мөңгүнүн эришинин дагы бир олуттуу кесепети табигый кырсыктардын көбөйүшү. Тездик менен эриген мөңгү суулары сел, суу ташкынына, мөңгү көлдөрүнүн жарылуусуна, жер көчкүлөрүнө алып келет. Президент Садыр Жапаров Казакстандын Астана шаарында өткөн Регионалдык экологиялык саммитте акыркы беш жылда Кыргызстанда сел, суу ташкыны сымал табигый өзгөчө кырдаалдардын саны 3 эсеге өскөнүн билдирди. Өлкө башчысы материалдык чыгаша жылына 16 млн долларга чыгып жатканын баса белгиледи.
ӨКМдин Өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү жана божомолдоо департаменти жалпы дүйнөлүк климат кескин өзгөрүп жаткандыктан өлкөдө кооптуу табигый процесстердин активдешкени улам-улам байкалып, табигый кырсыктардын саны өсүп, калктын жашоо тиричилигине терс таасир тийгизип жатканын белгилейт.
Министрлик тарабынан мөңгүлөрдүн жана кар көчкүлөрдүн коопсуздугуна мониторинг күчөтүлгөн. Гляциологиялык бөлүм түзүлүп Абрамов, Голубина, Батыш-Сөөк сымал негизги мөңгүлөргө мониторинг жүргүзүлүүдө. Мөңгүлөрдүн каталогдору жаңыланып, спутник маалыматтары санарипке өтүп жатат. Булар тобокелдиктерди так болжолдоо үчүн керек. Мындан сырткары, өлкө боюнча 35 автоматтык метеостанция курулуп, дарыяларды жана аба ырайын көзөмөлдөө үчүн түштүк аймактарда жаңы гидрометеорологиялык станциялар пайда болду.
“Албетте жаздын келиши менен абанын температурасынын кескин көтөрүлүүсү, тоолордогу карлардын эрүүсү, туруксуз аба ырайы жана жаан-чачын, кар көчкү, жер көчкү, таш кулоо, сел, суу ташкындары күтүлөт. Жалпы климаттык жана сезондук жагдайларды эске алуу менен Министрлик кооптуу тилкелерде табигый, техногендик процесстерге жана кубулуштарга мониторинг, баалоо жана божомолдоо жүргүзүп жатат. Мындан сырткары, керек жерлерде капиталдык курулуш иштери жүрүүдө. Дарыялардын жээктеринде жээкти бекемдөөчү дамбалар жана суу буруучу шпоралар курулууда. Ошону менен бирге сел сайларды жана каналдарды, сел тосмолорду жана дренаждык каналдарды техниканын жардамында механикалык жолу менен тазалап жатабыз.
Мындан сырткары табигый процесстердин коопсуз өтүүсүн камсыздоо, калкты жана объектилерди коргоо, ошондой эле кооптуу аймактарда жашаган үй-бүлөлөрдү көчүрүү боюнча тийиштүү тараптарга 2026-жылдын 28-апрелине чейин жалпы 345 атайын эскертме каттар жөнөтүлдү.
Ошондой эле 2026-жылга карата жаратылыштагы кооптуулук боюнча маалыматтар, карталар камтылган китептер басылып таратылды. Бул жылкы басылмада, гидродинамикалык моделдөөнүн маалыматтары менен сел, суу ташкындарынын тобокелдик карталары жаңыртылып, божомолдоо жана эрте эскертүү мүмкүнчүлүктөрү кеңейтилди. Табигый кырсыктар боюнча божомолдуу маалыматтар боюнча жүздөгөн китеп, китепчелер тийиштүү тараптарга тапшырылды”, - деп билдиришти ӨКМдин Өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү жана божомолдоо департаментинен.
Тоолуу өлкөнү климаттын өзгөрүүсүнө ынгайлашып туруктуу өнүктүрүү зарылдыгын Кыргызстан аймактык эле эмес, дүйнөлүк деңгээлде демилгелеп келет. 2002-жылы эле БУУнун колдоосу менен Бишкекте биринчи Глобалдык тоо саммити өткөн. Аталган саммиттин 20 жылдыгына карата президент Садыр Жапаровдун демилгеси менен 2022-жылды БУУ “Тоолорду туруктуу өнүктүрүүнүн эл аралык жылы” деп жарыялаган. Ошондой эле биздин өлкөнүн демилгеси менен Бириккен Улуттар Уюмунун алкагында Тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча иш-аракеттердин беш жылдыгы (2023-2027-жж.) кабыл алынган. Беш жылдыктын жыйынтыгы 2027-жылы Бишкекте өтө турган “Бишкек+25” экинчи Глобалдык тоо саммитинде чыгарылып, келечекке кадамдар белгиленет. Биздин өлкө ошондой эле 2026-жылдын августунда Бишкекте өтө турган ШКУнун өлкө башчыларынын саммитинде да экология маселесин көтөрмөкчү.