Бишкек, 28.04.26. /Кабар/. 30-апрелде Бишкектин түштүк тарабындагы Боз-Бөлтөк тоосунун аймагында ири ишембилик – “Таза из” акциясы өтөт. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти.
Министрликтен белгилешкендей, коомдук уюмдар, жаштар кыймылдары жана бардык кайдыгер эмес жарандар экологияны сактоого салым кошууга чакырылууда.
Маалыматка ылайык, каалоочулар саат 08:00дө Эркиндик бульвары, 2 дарегинде чогулат. Ишембилик өтө турган жерге жетүү үчүн атайын транспорт уюштурулат.