Министрлер кабинети мамлекеттик органдардагы коррупциялык тобокелдиктерди башкаруунун жаңы тартибин бекитти. Эми тобокелдиктер идентификацияланып, маанилүүлүк деңгээлине жараша классификацияланат. Ошондой эле коррупцияны алдын алуу боюнча тийиштүү чаралар иштелип чыгып, алардын аткарылышына туруктуу мониторинг жүргүзүлөт. Бул арада президентке караштуу Коррупцияга каршы ишкердик кеңешинин катчылыгы мамлекеттик кызматкерлердин коррупциялык тобокелдиктерди кабылдоосу боюнча масштабдуу изилдөөнүн жыйынтыгын жарыялады.
Бул ирет “Кабар” агенттиги президентке караштуу Коррупцияга каршы ишкердик кеңешинин башкы катчысы Нурипа Муканова менен маек курду.

— Нурипа Алиевна, мамлекеттик органдарда коррупцияга каршы күрөшүү ондогон жылдар бою паракорлорду камоо, соттоо аркылуу жүргүзүлүп келди. Учурда жаңы тартип ишке киргени айтылууда. Анын өзгөчөлүгү эмнеде?
— Ушул жылдын февраль-март айларында мамлекеттик кызматкерлер арасында сурамжылоо жүргүздүк. Беш миңден ашык мамкызматкер катышып, аларга “кайсы тармакта коррупциялык тобокелдер бар” сымал суроолорду бердик. Көбү мамлекеттик кызматкерлерди тандоодо паракорлукка байланышкан тобокелдиктер бар экенин билдиришти. Аны кантип жок кылса болот десек, маянаны көбөйтүү зарылдыгын айтышты. Бирок 2021-жылдан бери мамлекеттик кызматкерлердин айлыгы маал-маалы менен көбөйтүлүп жатканын эске алганда, ал деле аздык кылат экен. Ага алымсынбай “дагы алсак” деген тобокелдиктер пайда боло берет экен. Маяна экономикага тыгыз байланган, андан аттап кете албайбыз.
Биз “Улуттук дем- дүйнөлүк бийиктик” уңгу жолун карманып жатабыз. 3000 жылдык тарыхта кыргыз чоң каганатты түзүп, урап, кайра мамлекет түптөп, көп процесстерди башынан кечирди. Жыйынтыкта мамлекеттүүлүктү сактап калды. Анын негизинде кыргыздын идеологиясы, өзүн-өзү кыргызмын деп тааныган иденттүүлүк турган. “Улуттук дем - дүйнөлүк бийиктик” уңгу жолу биздин доктрина. Анда ар бир кыргыз өзүн таанып, элиме жана мамлекетиме эмне жасашым керек деп ойлонуп, кайсы тармакта, кайсы кесипте иштебесин салым кошуусу зарылдыгы көрсөтүлөт.
Уңгу жол жаңы багыты боюнча тегерек стол өткөрүп тарыхчы, педагог, илимпоздорду чакырдык, мамлекеттик органдар менен талкууладык. Анда мамлекеттик кызматта иштейм деген ар бир жаранды бала бакчадан, мектептен, жогорку окуу жайдан эле таза иштөө принциби менен тарбиялашыбыз керектигин белгилешти. Ошондой эле коомду агартуу менен аң-сезимди өзгөртүү да маанилүү. Паракорлорду кармап, соттоп, жазалоо бүтпөй турган процесс. Мындай мыйзамсыздык менен бүт дүйнө күрөшүп келет. Албетте, укук коргоо органдары, көзөмөл органдары өз багыты менен күрөштү жүргүзө берет. Бирок кызматтагы тазалыкка, жоопкерчиликке кандай жол менен бара турганыбыз дал ушул уңгу жолдо көрсөтүлгөн. Мамлекетик кызматта иштей турган ар бир кадрдын жүрөгү таза болуп, эл, жер үчүн күйүшү керек. Ошондо гана коррупциялык тобокелдиктер жаралбайт.
— Мамлекеттик маанилүү кызматтарга резервдеги кадрлар арасынан сунушталып келет. Кадрды башынан эле кантип туура тандаса болот же коррупцияга байланышпаганы тууралуу маалымкат керекпи?
— 2022-2023-жылдары Коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча мамлекеттик стратегияны мамлекеттик органдар, окуу жайлар менен тыкыр талдаганбыз. Ошондо жалганды аныктоочу детектордун тестирлөөсүнүн корутундусун да киргизүүнү сунуштаган элек. Бизде мамлекеттик тесттен өткөн кадрлардын резерви бар. Кызматтарга ошол жактан сунушталып, тандалып алынат. Саясий жана жогорку административдик кызматтарга талапкерлерди резервден алып жөн эле дайындабастан жалганды аныктоочу тесттен да өткөрүү керек. Ошондой эле сөзсүз коррупциянын алдын алуу боюнча окутуулардан өтүшү зарыл. Детектор боюнча Кыргызстанда адистер бар. Бир катар банктар кадрларды тандоо учурунда ошол адистерди чакырып, тестирлөө уюштуруп жатышат. Мындан сырткары, кылмышты тергөө учурунда да калпы-чынын билүү үчүн колдонулуп жүрөт. Ошондуктан биз да кадрды дайындаганга чейин тесттен өткөрүү зарылдыгын айтканбыз. Учурда стратегияга кире элек.
— Паракорлук кылганы тастыкталгандарды кайра кызматка албоо, кызматкерлердин этикалык кодексин сактоо эрежелери бар. Кандай иштеп жатат?
— Паракорлукка малынган кызматкерлерди кайра мамлекеттик кызматка албоо принциби мыйзамда жазылган. 2025-жылы Кылмыш кодексинин дал ушул паракорлук, кызматын кыянаттык менен пайдалануу боюнча 12 беренеси катаалдашты. Кармалып, соттун чечими чыккандан кийин мамлекеттик кызматтагы баласы же ата-энеси иштен алынат, кайра кызматка келе албайт. Эреженин иши өзүнчө изилдөө менен бааланышы керек.
Кызматкердин этикалык кодекси мурда деле бар болчу. Эми толуктоолор киргизилип жатат. Ар бир мамлекеттик мекеменин кызматтык этиканын сакталышын көзөмөлдөгөн комиссиясы бар. Алардын баарын бирктирип Мамлекеттик кызмат жана өз алдынча башкаруу иштери боюнча агенттик көзөмөлдөп, мониторинг кылат. Маморгандарда этикалык комиссиялар кандай иштеп жатканын мониторинг кылуу ишин быйылкы жылга белгилегенбиз. Мында мамкызматка келип, паракорлук кылам деген кишилер жөнүндө сөз болууда.
Маалымат үчүн: Башкы прокуратуранын коррупциянын алдын алууга багытталган жобосуна ылайык өзгөчө көңүл мамлекеттик сатып алуулар, мамлекеттик мүлктү башкаруу жана тескөө, көзөмөл жүргүзүү, лицензиялоо сымал багыттарга бурулат. Аталган тармактарда коррупциялык тобокелдиктер көбүрөк топтолгонун президентке караштуу Коррупцияга каршы ишкердик кеңештин изилдөөсүнүн жыйынтыгында да белгиленген.
Мамлекеттик кызматкерлердин арасындагы коррупциялык тобокелдиктерди кабылдоо боюнча изилдөө 2026-жылдын февраль-март айларында жүргүзүлгөн. Ага 20 министрлик жана мамлекеттик мекеменин 5 миңден ашык кызматкери катышкан. Анын жыйынтыгында катышуучулардын пикири боюнча коррупциялык тобокелдиктер кадрларды дайындоо, административдик чечимдер, мамлекеттик сатып алуулар, финансылык ресурстарды бөлүштүрүү, лицензиялоо багыттарында көбүрөк экенин көрсөткөн. Алынган жыйынтыктар ачыктыкты жогорулатуу жана антикоррупциялык чаралардын натыйжалуулугун күчөтүү боюнча системалуу иштерди улантуу зарылдыгын белгилейт.