Күн энергиясы – Энергетикалык көз карандысыздыкка карай дагы бир кадам

Экономика Загрузка... 15 Июнь 2026 19:00
photo_52941550_ZBdiydI.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бүгүнкү күндө дүйнө жүзүндө энергетикалык коопсуздукту камсыздоого өзгөчө маани берилүүдө. Анын ичинде Кыргызстан энергиянын кайра жаралуучу булактарын өнүктүрүүгө басым жасап келет. Ысык-Көл облсунун Кызыл-Өрүк айылында максималдуу кубаттуулугу 175 МВт болгон күн электр станциясы президент Садыр Жапаровдун катышуусунда ишке киргизилди. “Кабар” агенттиги өлкөдөгү күн электр станцияларынын негизги артыкчылыктарына токтолуп, энергетика тармагына кошо турган салымы тууралуу айтып берет.

photo_52941550_ht50vGj.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90

Ысык-Көл облусунун Кызыл-Өрүк айылында кубаттуулугу 175 мегаватт-пик (МВтп) болгон “ROX Ысык-Көл” күн электр станциясынын биринчи фазасы ишке киргизилди. Бул долбоор жашыл энергетика жаатында олуттуу эл аралык тажрыйбага ээ вьетнамдык “ROX Group” компаниясы тарабынан жүзөгө ашырылууда.

Сууну үнөмдөйт

photo_52941550.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90

Күн электр станциясы электр энергиясын өндүрүү үчүн сууну талап кылбайт. Натыйжада ГЭСтердеги жүк азайып, суу сактагычтардагы суу көбүрөөк сакталат. Кыргызстан үчүн бул өзгөчө маанилүү, анткени электр энергиясынын негизги бөлүгү гидроэнергетикадан алынат.

Кызыл-Өрүктөгү күн электр станциясы гидроэнергетикага болгон көз карандылыкты азайтууга көмөк көрсөтөт. Айрыкча суу азайып бараткан маалда жардамы чоң болот. Анткени станция Токтогул суу сактагычында жылына 362 млн кубометр сууну үнөмдөөгө мүмкүндүк берет. Күн электр станциясы толугу менен 1900 МВт (айына 273 млн кВт/саат) кубаттуулукта иштегенде жылына 3,9 млрд куб метрге чейин суу үнөмдөлөт деп айтылууда.

Инвестиция жана жумуш орундары

  • Күн электр станциясынын жалпы кубаттуулугу – 1900 МВт,
  • Инвестиция –1,5 млрд АКШ доллары.

Биринчи этабында кубаттуулугу 175 МВт күн электр станциясынын инвестициялык көлөмү 131 млн АКШ долларын түзөт. Бүгүнкү күнгө карата анын 80 млн доллардан ашыгы өздөштүрүлгөн.

Учурда курулуш иштерине 250дөн ашык кыргыз жарандары тартылды. Станция пайдаланууга толук берилгенден кийин болжол менен 150 туруктуу жумуш орду түзүлүп, алардын негизги бөлүгү жергиликтүү адистер болот. Ошол эле маалда аталган компанияда эмгектене турган кыргызстандык жаш адистер заманбап технологияларды өздөштүрүп, алдынкы эл аралык тажрыйбаны үйрөнүүсү кадрдык дараметти жогорулатат.

Жергиликтүү бюджетке түшкөн каражат

investiczii-vlozheniya.jpg

Бул долбоор экономикалык гана эмес, социалдык мааниге дагы ээ. Ал жаңы жумуш орундарын түзүүгө, жергиликтүү калктын кирешесин жогорулатууга, инфратүзүмдү өнүктүрүүгө жана мамлекеттик бюджетке кошумча салыктык кирешелердин түшүүсүн камсыз кылмакчы.

Жерди пайдалануу үчүн төлөгөн салыктан тышкары өндүрүлгөн электр энергиясын сатуудан түшкөн каражаттын 1 пайызын Ысык-Көл облусундагы Тору-Айгыр – Тамчы айыл өкмөтүнүн бюджетине берет.

Электр энергиясын керектөө

Бүгүнкү күндө станция өлкөнүн электр тармагына 28,7 млн кВт саат электр энергиясын өндүрдү. Ал эми биринчи этап толук кубаттуулукта иштеген шартта жыл сайын болжол менен 295 млн кВт саат электр кубатын өндүрөрү күтүлүүдө.

Азыр электр энергиясы Чолпон-Ата жана Балыкчы шаарларын багытталууда. Алдыда долбоордун кийинки этаптары ишке ашырылган сайын өлкөнүн энергетикалык коопсуздугун камсыздоого жана электр энергиясына болгон ички суроо-талапты канааттандырууга олуттуу салым кошору белгиленип жатат.

Энергетикалык коопсуздукту күчөтөт

WhatsApp Image 2026-01-16 at 13.38.34 (1).jpeg

Электр энергиясынын булагы ар түрдүү болгондо өлкө бир гана ГЭСтерге көз каранды болбой калат. Бул кургакчылык же суу аз болгон жылдары электр тартыштыгынын тобокелдигин төмөндөтөт жана кошумча электр эенргиясын берет.

Эл аралык экологиялык милдеттенмелерди аткарууга көмөктөшөт

Кайра жаралуучу энергиянын үлүшү көбөйгөн сайын өлкө климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүү боюнча максаттарына жакындайт. Күн энергиясын өндүрүүдө көмүр, мазут же газ күйгүзүлбөйт. Ошондуктан атмосферага көмүр кычкыл газы жана башка зыяндуу заттар дээрлик бөлүнбөйт. Күндүн нуру акысыз энергия булагы болгондуктан, күйүүчү май сатып алууга муктаждык жок. Бул электр энергиясынын өздүк наркын төмөндөтүүгө жардам берет. Ири ГЭСтерди куруу үчүн көп жылдар талап кылынса, күн электр станцияларын салыштырмалуу кыска мөөнөттө ишке киргизүүгө болот.

Акыркы жылдары Кыргызстан гидроэнергетикага удаа эле энергиянын кайра жаралуучу булактарын (күн, шамал) кеңири пайдаланууга өзгөчө маани берүүдө. Ысык-Көлдөгү жаңы энергетикалык объекти жашыл энергетика тармагындагы экинчи ири күн электр станциясы болуп калды. Эске салсак, алгачкысы Кемин районунда ачылган.

photo_52941550_YNITSqz.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90

Жашыл энергетика фондунун маалыматы боюнча, өлкөдөгү чакан гидроэлектр станциялар Кыргызстандын ички инвестициялары тарабынан курулса, күн жана шамал электр станциялары тышкы инвестициялар аркылуу ишке ашырылууда.

“Жашыл энергетика фонду тарабынан учурда 82 долбоор боюнча иш жүрүп жатат. Бул долбоорлордун ичинде 61 чакан ГЭС, 19 күн станциясын жана 2 шамал электр станциясын куруу долбоорлору болуп саналат. Андан тышкары, “Миң айылга 1000 станция” деген долбоордун алкагында Кыргызстандын ар бир айылына бирден станция куруу планы коюлган”,- дешти фонддон.

Кыргызстанда күн, шамал электр станцияларындай эле чакан ГЭСтер курулууда. Бул иштер электр энергиясынын тартыштыгын жойгонго бир кыйла жардам берет.

“Өлкөбүздө мунай, газ жок болгону менен суу, көмүрүбүз бар, шамал, күн электр станциялары да электр энергиясын өндүрөт. Ошондой эле Камбар-Ата-1 ГЭСи ири долбоорун ишке ашыруу иштери жүрүүдө. Муну менен катар Кара-Кече кенинде Жылуулук электр борборун куруу пландары да айтылган эле. Ал да курулуп баштаса 3 жылда иштей баштайт, электр энергиясынын тартыштыгын жойгонго жардам берет”, - деди энергетика боюнча эксперт Эрнест Карыбеков.

“Кабар” агенттигине энергетика тармагы боюнча дагы бир эксперт Чоробай Акунов билдиргендей, Кыргызстан электр энергиясына толук көз карандысыз болууга күч-аракет жумшоодо. Долбоорлор четинен ишке киргизилсе, өлкө энергетикалык көз карандылыктан чыгып, экспорттоого да мүмкүнчүлүгү жаралат.

whatsapp_image_2024-08-11_at_14_06_08.906x0-is
“Камбар-Ата-1 ГЭСи Кыргызстандын энергетикалык көз карандысыздыгын бекемдөө жана аймактык энергетикалык кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү үчүн өтө маанилүү долбоор. Учурда андан башка республика боюнча 50 чакан ГЭС курулуп жатса, анын 13үн быйыл ишке берүү пландалган. Бул 13түн экөө, жалпы 15,6 МВтты кубаттуулуктагы Сокулук жана Туюк чакан ГЭСтери жазында ишке кирди. Андан тышкары, аймактарда күн жана шамал электр станциялары курулуп жатат. Эң негизгиси Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу боюнча иштер жүрүп, “Казарман жана Көкөмерен ГЭС каскадын курууга” тараптар менен кол коюлуп, долбоорлоо иштери аткарылууда жүрүүдө. Бардык ушул долбоорлор четинен ишке кирсе, энергетикалык көз карандылыктан чыгып, экспорттоого да мүмкүнчүлүк жаралат”, - деди эксперт.

Кыргызстанда жылдан-жылга электр энергиясына болгон суроо-талап жогорулоодо. Буга өлкөдөгү курулуш темпинин өсүшү себеп болууда дешет эксперттер. Анткени ар бир облуста ондогон турак жайлар, социалдык объекттер, өндүрүш ишканалары пайдаланууга берилип жатат.

WhatsApp Image 2026-01-16 at 14.51.59 (1).jpeg

Буга байланыштуу ири гидроэнергетикалык долбоорлорго улай эле, чакан ГЭСтер, күн менен шамал сыяктуу кайра жаралуучу энергия булактары өнүктүрүлүүдө. Бүгүнкү күндө бул кадамдар өлкөнүн энергетикалык көз карандысыздыкка жетүүсүн камсыздоо максатында жасалууда.