"Код 95" документин алууда жарандарда айдоочулук күбөлүк болушу шарт

Коом Загрузка... 31 Март 2026 17:20
WhatsApp Image 2026-03-31 at 17.20.27.jpeg
copyright icon Кабар Жээнбек Сагыналиев

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 31.03.26 /Кабар/. “Код 95” айдоочулук күбөлүктүн бир түрү катары эл аралык жүк ташууда керектелчү документ болуп саналат. Бул тууралуу президенттин Иш башкармалыгынын башчысынын биринчи орун басары Бообек Салимжанов "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйынында билдирди.

17ce0c18-dfb2-4fe1-8e3d-54528d0d599c

Анын айтымында, айдоочулар бул документти алуу үчүн өз өлкөсүнүн айдоочулук күбөлүгү болушу шарт. Андан соң белгилүү бир убакыт окуп, “код 95” ала алат.

Салимжанов белгилегендей, бул талап эл аралык жүк ташууда бир өлкөдөн экинчи өлкөгө кирүү үчүн талап кылынат.

Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик борбордун бөлүм башчысы Адилет Сейталиев билдиргендей, бул кодду алуу үчүн айдоочулар жумуш берүүчүлөр менен келишим түзүүсү керек.

4b063e0a-f4c7-44d2-8f0f-bd40a4f500e4

“Бүгүнкү күндө Европа биримдигине жүк ташыган биздин жарандарда А4 форматындагы “код 95” документи бар. Ошол эле маалда ID-карта сыяктуусун алуусу да каралууда. Биздин жаңы үлгүдөгү айдоочулук күбөлүк менен аталган документти ала берсе болот”, - деп айтты ал.