Көк-Жар конушунда кандай өзгөрүүлөр болот? Мэр тургундар менен жолукту

Коом Загрузка... 15 Июль 2026 10:40
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous

Бишкек, 15.07.26. /Кабар/. Кечээ, 14-июлда Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев административдик-аймактык реформанын алкагында борбордун курамына кирген Көк-Жар конушунун тургундары менен жолугушту.

Мэриядан билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө тургундар калктуу конушту ичүүчү суу менен камсыздоо, социалдык инфраструктура объектилерин куруу, жолдорду оңдоо жана канализация маселелерин көтөрүштү.

Негизги маселелердин бири ичүүчү суу менен камсыздоо болду. Бул көйгөйдү чечүү максатында "Бишкексууканал" муниципалдык ишканасы тарабынан жаңы скважина куруу пландалууда. Бул өз кезегинде тургундарды туруктуу ичүүчү суу менен камсыздоого мүмкүндүк берет.

Ошондой эле тургундар канализация тутумун куруу, электр энергиясы менен камсыздоону жакшыртуу, ФАП жана бала бакча куруу, ошондой эле жолдорду жана тротуарларды оңдоо боюнча өтүнүчтөр менен кайрылышты.

"Жолугушуунун жыйынтыгында калаа башчысы тиешелүү кызматтарга тургундардын бардык кайрылууларын иштеп чыгып, аларды этап-этабы менен чечүүнү камсыз кылууну тапшырды",-деп айтылат маалыматта.