Бишкек, 15.07.26 /Кабар/. Бишкек шаарынын мэриясынын "Бишкек шаардык транспорт" муниципалдык ишканасында коомдук транспорттун айдоочулары менен жолугушуу өттү.
ИИМден билдиришкендей, иш-чарага мэриянын өкүлдөрү, Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгынын жана Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгынын кызматкерлери катышты.

Жолугушуунун негизги максаты жол кырсыктарынын алдын алуу, жол кыймылынын эрежелерин сактоо, жолдо жүрүү маданиятын жогорулатуу жана жүргүнчүлөрдүн коопсуздугун камсыздоо болду.

Жыйындын жүрүшүндө коомдук транспорттун айдоочуларына белгиленген ылдамдык режимин бузбоо, жолдогу өз ара сый-урматты жана айдоочулук маданиятты калыптандыруу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Ошондой эле жүргүнчүлөрдү ташууда коопсуздук талаптарын сактоо жана ар бир айдоочунун жеке жоопкерчилиги өзгөчө белгиленди.