Кулубаев БУУда дүйнөлүк туруксуздукка каршы күчтөрдү бириктирүүгө чакырды

Саясат Загрузка... 29 Май 2026 11:30
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon ТИМ

Бишкек, 29.05.26. /Кабар/. Күн мурун Нью-Йорк шаарында тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Кытайдын тышкы иштер министри Ван Инин төрагалыгы алдында өткөн Глобалдык башкаруу боюнча достор тобунун жыйынында сөз сүйлөдү.

Ведомстводон маалымдашкандай, Кулубаев өз сөзүндө эл аралык мамилелердин заманбап системасы терең трансформация доорун баштан кечирип жатканын белгилеп, бул процесс геосаясий чыңалуунун күчөшү, ишеним кризиси жана чыр-чатактардын көбөйүшү менен коштолуп жатканын айтты.

Ошондой эле дүйнөнүн ар кайсы аймактарында уланып жаткан куралдуу тирешүүлөр жана туруксуздук эл аралык система үчүн олуттуу сыноо болуп, дүйнөлүк коомчулуктун күч-аракеттерин бириктирүүнү талап кыла турганы баса белгиленди. Ушуга байланыштуу Кулубаев Кытайдын демилгеси менен түзүлгөн Глобалдык башкаруу боюнча достор тобу ишенимди чыңдоого, кызматташууну өнүктүрүүгө жана БУУнун алкагында жамааттык ыкмаларды илгерилетүүгө кошумча мүмкүнчүлүктөрдү түзөрүн билдирди.

Мындан тышкары, ТИМ башчысы эл аралык укуктун принциптерине, мамлекеттердин эгемендүү теңдигине, өз ара урматтоого жана ички иштерге кийлигишпөөгө негизделген БУУнун борбордук координациялоочу ролун чыңдоону колдой турганын билдирди. Ошондой эле Азия, Африка жана Латын Америкасы өлкөлөрүнүн өкүлчүлүгүн кеңейтүү аркылуу БУУнун Коопсуздук кеңешин реформалоонун актуалдуулугу өзүнчө белгиленди. Министрдин айтымында, жамааттык чечим кабыл алуу механизмдерин бекемдеп, глобалдык процесстердин чыныгы инклюзивдүүлүгүн камсыз кылуу зарыл.

Андан соң Жээнбек Кулубаев жыйындын катышуучуларына Кыргызстандын БУУнун Коопсуздук кеңешинин 2027-2028-жылдардагы туруктуу эмес мүчөлүгүнө талапкерлигин көрсөтүп жаткандыгы тууралуу маалымат берди. Кыргызстан Коопсуздук кеңешине катышууну көп тараптуу кызматташууну чыңдоого, чыр-чатактардын алдын алууга, терроризм, трансулуттук кылмыштуулук, киберкоркунучтар, климаттын өзгөрүшү жана эпидемиялар сыяктуу салттуу жана жаңы чакырыктарга каршы күрөштө эл аралык коомчулуктун биргелешкен аракеттерин бекемдөөгө практикалык салым кошуу мүмкүнчүлүгү катары карай турганы белгиленди.

Ал ошондой эле чакан, өнүгүп келе жаткан, тоолуу жана деңизге чыга албаган мамлекеттердин кызыкчылыктарын коргоонун маанилүүлүгүн айтты. Бул контекстте Жээнбек Кулубаев Кыргызстандын демилгеси менен БУУнун Башкы ассамблеясы "Тоолорду туруктуу өнүктүрүү" аталышындагы резолюцияны кабыл алып, 2023-2027-жылдарды Тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча аракеттердин беш жылдыгы деп жарыялаганын эске салды.

Мындан тышкары, министр жыйындын катышуучуларына Кыргызстан көчмөн цивилизациясынын маданий-гуманитардык мурасын илгерилетүү боюнча жүргүзүп жаткан иштер жана маданияттар аралык диалогдун таанылган эл аралык аянтчасына айланган, өз ара түшүнүшүүнү, салттарды урматтоону жана жалпы гуманисттик баалуулуктарды бекемдөөгө өбөлгө түзгөн VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары тууралуу маалымат берди.

Сөзүнүн аягында Кыргызстандын 2025-2026-жылдардагы Шанхай кызматташтык уюмундагы төрагалыгынын артыкчылыктуу багыттары, анын ичинде өз ара ишенимди чыңдоо, коопсуздукту камсыз кылуу, туруктуу өнүгүүнү илгерилетүү жана гуманитардык кызматташууну кеңейтүү тууралуу тааныштырды. ТИМ башчысы кыргыз төрагалыгынын негизги иш-чарасы катары 2026-жылдын 1-сентябрында Кыргызстанда өтө турган ШКУ саммити болорун маалымдады.

Маалымат үчүн: Глобалдык башкаруу боюнча достор тобу БУУга мүчө мамлекеттердин пикир алмашуу, мамилелерди координациялоо жана глобалдык башкаруу системасын реформалоо жана өркүндөтүү маселелери боюнча биргелешкен позицияларды иштеп чыгуу үчүн түзүлгөн бейформал кызматташтык механизми болуп саналат. Топту түзүү демилгеси Кытай тарабынан төрага Си Цзиньпин 2025-жылдын сентябрында жарыялаган Глобалдык башкаруу демилгесинин алкагында көтөрүлгөн. Топтун ишмердүүлүгү мамлекеттердин эгемендүү теңдиги, эл аралык укук, көп тараптуулук, БУУнун борбордук ролун колдоо жана практикалык эл аралык кызматташтык принциптерине негизделет.