Бишкек, 30.05.26. /Кабар/. Күн мурун тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Испаниянын тышкы иштер, Европа биримдиги жана кызматташтык министри Хосе Мануэль Альбарес менен телефондо сүйлөштү.
ТИМден билдиришкендей, тараптар эки өлкө ортосундагы кызматташтыктын келечектүү багыттарын, анын ичинде саясий диалогду өнүктүрүү, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык байланыштарды кеңейтүү маселелерин талкуулашты.
Инвестициялар жаатындагы өз ара аракеттенүүгө жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга өзгөчө көңүл бурулду.
Сүйлөшүүнүн жыйынтыгында министрлер эки тараптуу жана көп тараптуу форматтарда, атап айтканда БУУнун алкагында өнөктөштүктү кеңейтүү боюнча ишти улантууну макулдашты.