Бишкек, 13.07.26. /Кабар/. Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаевдин бүгүнкү иш күнү “Ачык кабинет: жоопкерчилик аймагы” медиадолбоорунун алкагында “Биринчи радионун” түз эфиринен башталды.
Эфирден кийин Кулубаев министрликке келип, журналисттер менен бирге өзүнүн иш кабинетине баш бакты.
Ал жерде министр дипломатиялык кызматтын күнүмдүк ишмердүүлүгү тууралуу кеңири айтып берип, өлкөнүн тышкы саясатындагы тарыхый учурларды чагылдырган эстелик сүрөттөрдү көрсөттү.
Андан соң министр ыкчам маселелерди карап, дипломатиялык жол-жоболорду аткарууну улантты. Ал Катардын мурдагы эмири шейх Хамад бин Халифа Аль Танинин дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу аталган өлкөнүн тышкы иштер министрине көңүл айтуу телеграммасын жөнөттү.
Ошондой эле министр учурдагы дипломатиялык ишмердүүлүктүн алкагында Кытайдын Ош шаарындагы башкы консулуна өз милдетин расмий аткарууга мүмкүндүк берген экзекватурага кол коюп, Кыргызстандын Италиянын түштүгүндөгү ардактуу консулун дайындоо тууралуу чечимди бекитти.
“Негизги ишим кабинетте өтөт. Жолугушуулар жана кеңешмелер сүйлөшүүлөр залында уюштурулат. Бизде кагаз иштери да, мазмундуу иштер да абдан көп. Учурда кызматкерлерим Шанхай кызматташтык уюмунун саммитине кызуу даярданып жатышат. Күн сайын видеоконференция форматында жолугушуулар өтүүдө. Саммитке карата 30дан ашык документ даярдалышы керек, алардын баары азыр кылдат талкууланууда”, - деди Жээнбек Кулубаев.
Белгилей кетсек, “Ачык кабинет: жоопкерчилик аймагы" медиадолбоору мамлекеттик органдардын ишмердүүлүгүн ачык-айкын чагылдырууга багытталган. Долбоордун негизги максаты — жетекчилердин иш күнүн эртең мененден кечке чейин кандай өтөрүн коомчулукка жасалмалоосуз көрсөтүү.