Бишкек, 09.04.26. /Кабар/. Курулуш компанияларын бирдиктүү салыкка өткөрүү тармакты көмүскөдөн чыгарат. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов өлкөдөгү курулуш компаниялардын өкүлдөрү менен болгон жолугушууда билдирди.
Анын айтымында, курулуш компанияларын бирдиктүү салык режимине өткөрүүдө административдик жүк азайып, ишмердүүлүктүн ачыктыгын жогорулатып, ак ниет бизнес үчүн жагымдуу шарттар түзүлөт.
“Бул жылы курулуш тармагынан түшкөн киреше 17 млрд сомду түздү. Ал эми 2024-жылы - 10 млрд сом болгон. Акыркы беш жылда түзүлгөн система тармакты көмүскөдөн чыгарууга багытталган. Бүгүнкү күндө компаниялар ачык иштөөгө өтүп, салыктарды өз убагында төлөп, заманбап технологияларды киргизүүдө”, - деп белгиледи Салык кызматынын төрагасы.
Жолугушуунун жүрүшүндө курулуш тармагынын өлкө экономикасы үчүн стратегиялык мааниси, жумуш орундарын түзүүдөгү, инфраструктураны өнүктүрүүдөгү жана туруктуу экономикалык өсүштү камсыз кылуудагы ролу баса белгиленди.
Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы тармактагы салык системасын мындан ары жөнөкөйлөтүү жана өркүндөтүү зарылдыгына токтолуп, бул жолугушуу мамлекет менен курулуш секторунун ортосундагы конструктивдүү диалогду өнүктүрүүдө маанилүү кадам экенин маалымдады.