Бишкек, 22.05.26. /Кабар/. Күн мурун Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев Казакстандын парламентинин Сенатынын төрагасы Маулен Ашимбаев менен жолугушту.
Жогорку Кеңештен билдиришкендей, жолугушуу Россиянын Санкт-Петербург шаарында орун алды.
Баарлашуунун жүрүшүндө тараптар парламенттер аралык алакаларды кеңейтүү маселелерин талкуулашты.
Марлен Маматалиев эки өлкө ортосунда саясий-экономикалык диалог туруктуу жүргүзүлүп, айрыкча мамлекет башчыларынын деңгээлинде үзгүлтүксүз байланыштар калыптанганын белгиледи.
"Казакстан Кыргызстан үчүн жакын дос, ишенимдүү өнөктөш жана бир тууган мамлекет болуп саналат", – деди төрага.
Өз кезегинде Казакстандын парламентинин Сенатынын төрагасы Маулен Ашимбаев Марлен Маматалиевди Кыргызстандын Жогорку Кеңештин төрагасы кызматына шайланышы менен куттуктап, мамлекеттик ишмердүүлүгүнө жакшы каалоолорун айтуу менен бирге, алдыга койгон максаттарын ийгиликтүү ишке ашырууга тилектештигин билдирди.
Андан тышкары, Сенат төрагасы Казакстанда жүргүзүлүп жаткан саясий реформалар тууралуу учкай кеп кылып, республикалык референдумдун тарыхый маанисине токтолду.
Анын айтымында, өлкөдө мамлекеттүүлүктү чыңдоого, саясий системаны модернизациялоого жана демократиялык институттарды өнүктүрүүгө багытталган масштабдуу реформалар жүргүзүлүүдө.
Жолугушуунун соңунда парламент төрагалары эки тараптуу мамилелердин бардык багыттары боюнча активдүү жана ачык диалогду улантууга даяр экендиктерин ырасташты.