Бишкек, 22.05.26. /Кабар/. Бүгүн Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев Санкт-Петербург шаарында КМШ ПААнын иш-чараларынын алкагында Түркмөнстандын Межлисинин төрайымы Дуньягозель Гулманова менен жолукту.
Парламенттен билдиришкендей, тараптар кыргыз-түркмөн стратегиялык өнөктөштүгүн, парламенттер аралык алакаларды арттырууну жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты кеңейтүү маселелерин талкуулашты.
Маматалиев Кыргызстан эки тараптуу мамилелерди ырааттуу өнүктүрүү үчүн туруктуу саясий жана парламенттик диалогго өзгөчө маани берерин баса белгиледи.
"Эки өлкө башчыларынын аракеттери менен кызматташтык ишенимдүү маанайда өнүгүп, жаңы мүмкүнчүлүктөр ачылууда", – деген төрага тажрыйба алмашуу максатында парламенттик делегациялардын жана достук топторунун өз ара сапарларын активдештирүүнү сунуштады.
Ошондой эле ал Кыргызстан Түркмөнстанды соода-экономикалык жана инвестициялык маанилүү өнөктөш катары көрөрүн айтты. Муну менен катар 2020-2024-жылдары эки өлкө ортосундагы товар жүгүртүү 8,4 эсеге өскөнү белгиленди.
Өз кезегинде Дуньягозель Гулманова кызматташтыктын жогорку деңгээлин белгилеп, түркмөн тарап өз ара кызыкчылык туудурган бардык багыттар боюнча мамилелерди мындан ары кеңейтүүгө кызыкдар экенин билдирди.
"Президенттерибиздин ырааттуу саясатынын аркасында өлкөлөр ортосундагы кызматташтык жаңы деңгээлге чыкты. Калыптанган достук мамилелер, өзгөчө соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык тармактарда жигердүү өнүгө берерине ишенебиз", – деди Гулманова.
Ошону менен бирге Межлистин төрайымы алакаларды депутаттык достук топторунун, тармактык комитеттердин деңгээлинде, ошондой эле айым депутаттар менен жаш парламентарийлердин ортосунда активдештирүүгө өзгөчө көңүл бурду.
Андан сырткары Түркмөнстан 2026-жылы КМШ ПААга төрагалык кылып жатканын айткан Гулманова төрага Маматалиев баштаган ЖК депутаттарын Ашхабадда өтө турган ассамблеянын жыйынына катышууга жана расмий сапар менен келип кетүүгө чакырды.
Жолугушуунун соңунда тараптар бул сүйлөшүүлөр Кыргызстан менен Түркмөнстандын ортосундагы эки тараптуу кызматташтыкты жана парламенттик өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүүгө кошумча дем берерине ишеним билдиришти.