Бишкек, 22.05.26. /Кабар/. Күн мурун Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев Азербайжандын Милли Межлисинин төрайымы Сагиба Гафарова менен жолукту.
Парламенттен билдиришкендей, бул жолугушуу КМШ Парламенттер аралык ассамблеясынын Санкт-Петербург шаарындагы иш-чараларына катышуунун алкагында өттү.
Тараптар эки өлкө ортосундагы кызматташтыкты арттыруу маселелерин талкуулап, парламенттер аралык алакаларды өнүктүрүү боюнча ой бөлүштү. Маматалиев Кыргызстан бардык багыттар боюнча эки тараптуу өнөктөштүктү, анын ичинен соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык байланыштарды тереңдетүүгө кызыкдар экенин белгиледи.
Муну менен катар төрага эки мамлекет ортосундагы саясий диалог жигердүү өнүгүп жатканын айтып, буга эң жогорку деңгээлдеги байланыштар олуттуу түрткү берип жатканын кошумчалады.
Өз кезегинде Сагиба Гафарова эки өлкө башчылары жүргүзүп жаткан ырааттуу жана тең салмактуу саясатка, жетишилген макулдашуулардын ийгиликтүү ишке ашырылышына негизделген кыргыз-азербайжан кызматташтыгынын жогорку ишенимдүү деңгээлин баса белгилеп: "Азербайжан жана кыргыз элдерин терең тарыхый жана маданий байланыштар, дин, окшош тил жана үй-бүлөлүк баалуулуктар жакындатып турат", — деди.