Кыргыз маданий мурасы БУУдагы эл аралык көргөзмөдө таанытылууда

Маданият Загрузка... 23 Апрель 2026 16:54
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon WWW

Бишкек, 23.04.26. /Кабар/. 21-апрелден 13-майга чейин Нью-Йорк шаарындагы БУУнун штаб-квартирасында "Walking with the Earth" (Жер менен шайкештикте) аттуу эл аралык көргөзмө өтүүдө. Бул тууралуу уюштуруучулар билдиришти.

Көргөзмө Азия жана Африкадагы түптүү элдердин жана салттуу жамааттардын маданиятына, ошондой эле планетага кам көрүүнүн жандуу этикасына — адам Жерден бөлөк эмес, анын бир бөлүгү экенин түшүнүүгө арналган.

Жогорку деңгээлдеги эл аралык аянтта алгачкы ирет кыргыздын таланттуу уз-усталарынын жана сүрөтчүлөрүнүн кол өнөрчүлүк эмгектери сунушталып жатканы Кыргызстан үчүн өзгөчө мааниге ээ.

Бул Кыргызстандагы маданий мурастын жана көчмөн цивилизациясынын салттуу искусствосунун эл аралык деңгээлде таанылышына карай маанилүү кадам.

Көргөзмөнүн кураторлору Кыргызстандын өкүлдөрү, арт-менеджерлер жана "Origins" ("БАШАТ") программасынын катышуучулары Миррахим Опош жана Айбек Байымбетов. Алар дүйнөлүк түптүү элдердин диалогу алкагында кыргыз искусствосун жана маданий көз карашын тааныштырып жатышат.

Көргөзмө БУУнун Түптүү элдер боюнча туруктуу форумунун (UNPFII) 25-сессиясынын алкагында өтүп, 2026-жыл "Жайыттар жана малчылар жылы" менен үндөшөт.

Көргөзмө муундардын тажрыйбасын жана эл аралык өнөктөштүктү айкалыштырып, маданият менен экологияны коргоого багытталган "Origins" программасынын бөлүгү болуп саналат.