Кыргызстан 2026-жылы ири эл аралык спорттук мелдештерге басым жасайт

Спорт Загрузка... 24 Февраль 2026 17:54
WhatsApp Image 2026-02-24 at 11.31.16 (3).jpeg
copyright icon Кабар Жээнбек Сагыналиев

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 24.02.26 /Кабар/. Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору Казыбек Молдажиев мекеменин коллегиясынын жыйынында 2026-жылга карата пландалган масштабдуу иш-чараларга токтолду.

Анын айтымында, негизги басым VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын 43 спорттун түрү боюнча жогорку деңгээлде уюштуруу жана өткөрүүгө жасалат.

Мындан тышкары, директор эл аралык мелдештерге улуттук курама командалардын даярдыгын сапаттуу камсыз кылуу маанилүү экенин белгиледи.

Быйыл спортчулар төмөнкү мелдештерге даярдалат:

  • Кытайда өтүүчү жээктеги Азия оюндарына (спорттун 9 түрү боюнча);
  • Японияда өтүүчү XX жайкы Азия оюндарына;
  • Сенегалдын Дакар шаарында өтүүчү өспүрүмдөрдүн жайкы Олимпиада оюндарына;
  • Сауд Аравиясында өтүүчү жабык имараттардагы Азия оюндарына.

Ошондой эле планга өлкө аймагында өтө турган спорттук иш-чараларды жана мамлекеттик деңгээлдеги жыйындарды жогорку деңгээлде уюштуруу киргизилген.

Молдажиев белгилегендей, Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө өлкөлөрдүн ортосундагы спорттук кызматташтыкты чыңдоо максатында Run the Silk Road Ысык-Көл марафону эл аралык стандарттарга ылайык өткөрүлөт. Анын алкагында ШКУга мүчө мамлекеттердин дене тарбия жана спорт тармагындагы министрлери менен мекеме жетекчилеринин жыйыны уюштурулат. Анда өз ара кызматташууну кеңейтүү, тажрыйба алмашуу жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу маселелери талкууланат.

Мындан тышкары, Түрк мамлекеттеринин спорт министрлеринин жыйынында жаштар жана спорт маселелери каралып, 2027-жылга карата спорттук иш-чаралардын планы талкууланат.

Өлкө ичиндеги иш-чаралардын катарында Чолпон-Ата шаарында I Борбор Азия парус спорту боюнча чемпионат, күрөш боюнча Азия чемпионаты жана Бишкекте көркөм гимнастика боюнча Азия чемпионаты өткөрүлөт.