Кыргызстан -2030: Тышкы саясаттагы тарыхый жетишкендиктер

Саясат Загрузка... 15 Июнь 2026 12:00
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous

Кундуз Азарбекова

Бардык материалдар

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигине өлкөнү 2030-жылга чейин өнүктүрүү боюнча улуттук программанын алкагында бир катар маанилүү милдеттер жүктөлгөн. Алардын катарында жаңы дипломатиялык өкүлчүлүктөр менен консулдук мекемелерди ачуу, чет элдик инвестицияларды тартуу, ата мекендик товарларды экспорттоого көмөктөшүү жана максаттуу эл аралык байланыштарды бекемдөө өңдүү стратегиялык кадамдар бар. Бул багыттагы айрым милдеттерди мекеме ийгиликтүү ишке ашырууга жетишти. "Кабар" агенттиги аталган программанын тапшырмалары кандай аткарылып жаткандыгы тууралуу маалымат берүүнү улантат.

Кыргызстанды 2030-жылга чейин өнүктүрүү боюнча улуттук программанын алкагында ушул күнгө чейин аткарылган тапшырмалардын сап башында өлкөнүн эл аралык мамилелериндеги ийгиликтери турат. Программада БУУ, ЕАЭБ, ШКУ, ТМУ, КМШ жана ЕККУ сыяктуу эл аралык уюмдардын ишмердүүлүгүнө жигердүү катышуу, жаңы демилгелерди көтөрүү, ички жана эл аралык каттамдардын географиясын кеңейтүү, ошондой эле өлкөнү Европа биримдигинин авиациялык "кара тизмесинен" чыгаруу тапшырмалары коюлган. Бул багыттагы алгачкы жыйынтыктарды тарыхый деп атаса болот.

  • Биринчиден, Кыргызстан өз тарыхында алгачкы жолу Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Коопсуздук кеңешинин туруктуу эмес мүчөлүгүнө шайланды. Бул чечим Нью-Йорк шаарында өткөн добуш берүүдө 142 мамлекеттин колдоосу менен кабыл алынды.
  • Экинчиден, өлкө туура 20 жылдык чектөөдөн кийин Европа биримдигинин авиациялык "кара тизмесинен" чыгып, ата мекендик авиакомпанияларга Европанын асманы ачылды. Бул окуя Кыргызстандын тышкы саясатын бекемдөөгө, ошондой эле экономикалык, инвестициялык жана экспорттук ишмердүүлүгүнө жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгө өбөлгө болот.

Транспорттук коридорлор жана логистикалык хаб

Алдыда эл аралык маанидеги дагы бир ири долбоор — 2030-жылга чейин курулуп бүтүшү пландалган "Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан" темир жолу турат. Ошондой эле "Кыргызстан – Кытай – Пакистан" жана "Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан – Түркмөнстан – Иран" транспорттук коридорлорунун потенциалын ишке ашыруу боюнча дипломатиялык сүйлөшүүлөр турат.

Программада порттук логистиканы өнүктүрүү жана эл аралык порттор менен кызматташууну күчөтүү милдети коюлган. Бул кадамдар Кыргызстандын 2030-жылга чейин эл аралык транзиттик жана логистикалык хабга айланышына шарт түзөт.

Экология жана аймактык кызматташтык

"Бишкек + 25" экинчи Глобалдык тоо саммитин уюштуруу милдети да Тышкы иштер министрлигине жүктөлгөн. Жалпысынан алганда, улуттук программада экологиялык булганууну азайтуу, табигый кырсыктардын жана климаттын өзгөрүү тобокелдиктерин алдын алуу, ошондой эле тоолордун уникалдуу жаратылышын коргоо максатында глобалдык жана Борбор Азия чөлкөмүндөгү регионалдык кызматташтыкты кеңейтүү милдеттери коюлган.

Мындан тышкары, министрликтин катышуусунда Азия, Европа, Америка, Африка жана Жакынкы Чыгыштын негизги өлкөлөрү менен дипломатиялык жана соода-экономикалык байланыштар чыңдалууга тийиш. Өлкөнүн инвестициялык мүмкүнчүлүктөрүн илгерилетүү үчүн дипломатиялык миссиялардын жана экономикалык өкүлчүлүктөрдүн иши активдештирилет. Бул максатта соода жана инвестициялык кызматташтыктын артыкчылыктуу өлкөлөрүндө Кыргызстандын жаңы дипломатиялык өкүлчүлүктөрү жана консулдук мекемелери ачылат.

Артыкчылыктуу тармактар болуп төмөнкүлөр саналат: гидроэнергетика, айыл чарба, тоо-кен өнөр жайы, туризм, кайра иштетүү өнөр жайы жана жаңы технологиялар.

Санариптештирүү жана IT-секторду колдоо

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигине ата мекендик IT тармагынын ишмердүүлүгүн эл аралык деңгээлге алып чыгуу жана өлкөнү Борборд Азиядагы IT-хаб катары позициялоого көмөктөшүү милдети коюлган. Бул багытта кыргызстандык IT-коомчулугун жана стартаптарды эл аралык ири акселераторлорго катыштыруу, IT компаниялардын глобалдык рынокко чыгуусун жөнөкөйлөтүү, ошондой эле экспортко багытталган өндүрүүчүлөр үчүн жергиликтүү маркетплейстерди өнүктүрүүдө дипломатиялык жардам көрсөтүлөт.

Ошондой эле миграциялык агымдарды натыйжалуу жөнгө салуу, кайтып келген мигранттарды реинтеграциялоо, аларды социалдык камсыздандыруу, жарандарды консулдук жактан коргоо чараларын күчөтүү жана онлайн-сервистерди киргизүү тапшырмалары аткарылууда.

Тышкы иштер министрлигинин координациялык ролу

"Тышкы иштер министрлиги улуттук программанын тапшырмаларын индустриялаштыруу, аймактык хаб, туризм, санариптештирүү, социалдык өнүктүрүү жана тышкы саясат багыттары боюнча ишке ашырууда. Ошондой эле бардык мамлекеттик органдарда санариптештирүүнү тездетүү, мамлекеттик кызматтарды алууну жеңилдетүү, мамлекеттик жана муниципалдык кызматты өнүктүрүү зарылчылыгы бар. Министрликтин негизги ролу — Кыргызстандын мамлекеттик органдары менен чет өлкөлүк өнөктөштөрдүн ортосундагы кызматташтыкты координациялоо, анын ичинде эки тараптуу жана көп тараптуу макулдашууларды, меморандумдарды, протоколдорду макулдашуу жана сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү болуп саналат", - деп белгилешти ТИМден.

Өлкөнүн ички жана тышкы саясатында жүргүзүлүп жаткан иштер өз ара тыгыз байланыштуу. Кыргызстандын экономикасынын өсүшү БУУда же Европа биримдигинде болобу, өлкө үчүн маанилүү чечимдерди кабыл алууда негизги тирек болууда. Ал эми тышкы саясаттагы тарыхый жетишкендиктер мамлекетке жаңы экономикалык жана инвестициялык мүмкүнчүлүктөрдү алып келет. Мындай пикирин саясат таануучу Бакыт Бакетаев "Кабар" агенттигине билдирди.

WhatsApp Image 2026-06-12 at 12.26.40.jpeg

"Тышкы саясаттан келип жаткан жаңылыктарды тарыхый деп атасак жаңылышпайбыз. Чынында эле, Кыргызстан өз тарыхында биринчи жолу БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу эмес мүчөсү болду, алгачкы жолу эл аралык масштабдагы темир жол жана ири ГЭСтер курула баштады. Бул окуялар өлкөнүн эл аралык аброюн, кадыр-баркын жана таасирин арттырууда. Эгерде биз экономикалык өсүштү көрсөтпөсөк, эл аралык каржы институттары биз менен эсептешпейт эле. Дал ушундай жетишкендиктер кыргыз авиациясын Европанын "кара тизмесинен" чыгарды.

Мындай ийгиликтердин мультипликативдик таасири абдан күчтүү болот. Мисалы, Хорватия дүйнө чемпионатына катышкан жылдары анын экономикасы жанданып, инвестициянын көлөмү 2-3 эсе көбөйгөн. Финалга чыкканда инвесторлор үчүн жагымдуу өлкөгө айланган. Ушул сыяктуу таасирлерден улам Кытай, Япония, Корея сыяктуу мамлекеттер спортко басым жасап, дүйнө чемпионаттарына катышууга умтулушат. Стадиондо желек жөн эле желбиребейт, ал каржы институттары үчүн туруктуулуктун белгиси болуп саналат. Андыктан Кыргызстандын эл аралык аренадагы ийгиликтүү иштери келечекте эселеп пайда алып келе турган жаңы мүмкүнчүлүктөргө жол ачары бышык", - деди эксперт.

Тышкы иштер министрлигинин алдыдагы маанилүү милдеттеринин бири — ШКУга мүчө мамлекеттердин башчыларынын саммитин жогорку деңгээлде уюштуруу. Кыргызстан бул уюмга төрагалык кылуунун алкагында ШКУнун күн тартибин жаңы климаттык жана каржылык демилгелер менен кеңейтип, өзүнүн өзгөчө позициясын көрсөтө алды.