Жээнбек Кулубаев Кытай элчиси Лю Цзянпин менен жолугушту

Саясат Загрузка... 15 Июнь 2026 12:40
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Тышкы иштер министрлиги

Бишкек, 15.06.26. /Кабар/. Бүгүн тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Лю Цзянпин менен жолукту.

ТИМден билдиришкендей, жолугушууда тараптар Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы кызматташтыктын актуалдуу маселелерин талкуулашты.

Өзгөчө көңүл Кыргызстанда Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) алкагында өтө турган жогорку жана эң жогорку деңгээлдеги алдыдагы сапарларга даярдык көрүү маселелерине бурулду.

Маектештер стратегиялык өнөктөштүктү мындан ары чыңдоого жана эки тараптуу күн тартибиндеги негизги багыттар боюнча өз ара аракеттенүүнү тереңдетүүгө болгон өз ара кызыкдарлыгын ырасташты.

Жолугушуунун жүрүшүндө элчи Лю Цзянпин Кыргызстандын 2027–2028-жылдарга Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешинин туруктуу эмес мүчөлүгүнө шайланышы менен кыргыз тарапты өзүнчө куттуктап, бул окуянын өлкөнүн тышкы саясий ишмердүүлүгү үчүн маанисин белгиледи.

Өз кезегинде Жээнбек Кулубаев ыраазычылыгын билдирип, Коопсуздук кеңешиндеги иштин алкагындагы өлкөнүн артыкчылыктуу багыттарына токтолду жана Кыргызстан глобалдык коопсуздукту чыңдоого өз салымын кошууга умтуларын баса белгиледи.

Жолугушуунун соңунда тараптар жетишилген макулдашууларды натыйжалуу ишке ашыруу жана пландаштырылган көп тараптуу иш-чараларды ийгиликтүү өткөрүү максатында тыгыз диалогду улантууга даяр экендиктерин билдиришти.