Бишкек, 26.05.26. /Кабар/. Нью-Йоркко болгон иш сапарынын алкагында тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Бахрейн Падышалыгынын тышкы иштер министри Абдуллатиф бин Рашид Аль-Заяни менен жолугушту. Бул тууралуу ТИМден билдиришти.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки тараптуу күн тартибиндеги актуалдуу маселелерди талкуулашты. Анда Кыргызстан менен Бахрейндин ортосундагы саясий диалогду мындан ары чыңдоого, ошондой эле соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты өнүктүрүүгө өз ара кызыкдар экендиктери баса белгиленди.
Министрлер ошондой эле эл аралык жана аймактык бир катар актуалдуу маселелер боюнча пикир алмашып, муну менен катар Жакынкы Чыгыштагы кырдаалга өзгөчө көңүл бурушту. Тараптар учурдагы жаңжалдарды эл аралык укуктун алкагында, тынчтык жолу менен гана жөнгө салуунун жана аймактагы туруктуулукту чыңдоонун маанилүүлүгүн белгилешти.
“Сүйлөшүүнүн жыйынтыгында маектештер эки тараптуу өнөктөштүктү мындан ары илгерилетүү максатында ар түрдүү деңгээлдердеги өз ара байланыштарды жана расмий жолугушууларды улантууну макулдашышты”,– деп айтылат маалыматта.