Нью-Йоркто Кыргызстан менен Кытайдын ТИМ башчылары жолукту – талкууланган маселелер

Саясат Загрузка... 27 Май 2026 10:13
2bbfedbc-53f7-46f3-abf1-013de7a091cf.jpeg
copyright icon ТИМ

Бишкек, 27.05.26. /Кабар/. Күн мурун Нью-Йорк шаарында Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев кытайлык кесиптеши Ван И менен жолукту.

Ведомстводон маалымдашкандай, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-кытай кызматташтыгынын саясий, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана башка багыттардагы актуалдуу маселелеринин кеңири чөйрөсүн талкуулашты.
Ошондой эле жогорку жана эң жогорку деңгээлдеги өз ара сапарлардын планы, Кыргызстан менен Кытайдын тышкы иштер министрлеринин деңгээлиндеги стратегиялык диалогдун биринчи жыйынынын жыйынтыгында жетишилген макулдашууларды ишке ашыруунун жүрүшү каралды.

Кытай төрагасы Си Цзиньпиндин Кыргызстанга боло турган мамлекеттик сапарына жана анын Бишкек шаарында өтө турган Шанхай кызматташтык уюмунун юбилейлик 25-саммитине катышуусуна даярдык көрүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.

Алар ошондой эле аймактык жана эл аралык күн тартибиндеги актуалдуу маселелерди, анын ичинде глобалдык башкаруу системасын реформалоо жана өркүндөтүү, БУУнун алкагында көп тараптуу кызматташтыкты чыңдоо жана заманбап глобалдык чакырыктардын шартында эл аралык институттардын натыйжалуулугун жогорулатуу маселелерин талкуулашты.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар өнөктөштүктү мындан ары бекемдөөгө кызыкдар экендиктерин ырастап, кызыкчылык жараткан бардык багыттар боюнча өз ара пайдалуу диалогду улантууга даяр экендиктерин билдиришти.