Кыргыз жана кытай жазуучуларынын эмгектерин өз ара которуу макулдашылды

Маданият Загрузка... 18 Июнь 2026 10:30
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Жазуучулар союзу

Бишкек, 18.06.26. /Кабар/. Күн мурун Бишкекте Жазуучулар союзунун төрагасы Каныбек Иманалиев менен Кытай Жазуучулар ассоциациясынын төрагасы Чжан Хунсэн баштаган делегациянын жолугушуусу өттү.

Мекемеден билдиришкендей, жолугушууда тараптар эки өлкөнүн адабий байланыштарынын учурдагы абалын жана келечегин талкуулашты. Тараптардын сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгында, Кыргызстан менен Кытайдын башкы адабий уюмдарынын ортосунда расмий кызматташуу келишимине кол коюлду.

photo_53031077_XOQRFSs.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp

Бул макулдашуунун алкагында эки өлкөнүн заманбап калемгерлеринин эмгектерин өз ара которуу жана биргелешкен адабий долбоорлорду ишке ашыруу каралган. Мындан сырткары, жазуучулардын тажрыйба алмашуусу үчүн эки тараптуу атайын иш-сапарларды туруктуу негизде уюштуруу чечими кабыл алынды.

"Бул тарыхый документ кыргыз-кытай маданий жана руханий алакаларын жаңы деңгээлге көтөрүп, заманбап авторлордун эл аралык майданга чыгуусуна чоң жол ачат", - деп айтылат маалыматта.