Соода көлөмүн көбөйтүү: Кыргызстан менен Монголия эт импорттоо маселесин сүйлөштү

Экономика Загрузка... 18 Июнь 2026 18:00
uluslararasi-ticaret.jpg
copyright icon WWW

Бишкек, 18.06.26. /Кабар/. Бүгүн Экономика жана коммерция министрлигинде Кыргызстан менен Монголиянын ортосунда соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү маселелери боюнча видеоконференция өттү.

Ведомстводон маалымдашкандай, сүйлөшүүлөргө кыргыз тараптан экономика министринин орун басары Султан Ахматов, ал эми монгол тараптан Экономика жана өнүгүү министрлигинин мамлекеттик катчысы Идэшийн Батхуу жетекчилик кылды.

726247672_1436549764904222_7998317131557749112_n

Анда тараптар экспорттук потенциалды кеңейтүү, өз ара соода көлөмүн көбөйтүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү, ошондой эле эки өлкөнүн ортосундагы соода-экономикалык байланыштарды мындан ары өнүктүрүү механизмдерин талкуулашты.

Мындан тышкары, Монголиядан эт азыктарын жеткирүү мүмкүнчүлүктөрү боюнча пикир алмашуу болду. Бул багытта ветеринардык-санитардык талаптарды сактоо жана продукциянын белгиленген стандарттарга шайкештигин камсыз кылуу маселелери каралды.

726420896_1709121066894338_8259466049499451282_n

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар өнөктөштүк мамилелерди мындан ары чыңдоого кызыкдар экендиктерин билдиришип, жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу жана биргелешкен демилгелерди илгерилетүү максатында үзгүлтүксүз диалогду улантууга макулдашышты.