Бишкек, 27.02.26 /Кабар/. 2025-жылдын жыйынтыгы менен Кыргызстан менен Пакистандын ортосундагы соода жүгүртүүнүн көлөмү 16 млн доллардан ашты. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинин Тышкы байланыш башкармалыгынын башчысы Улукман Максүтов “Биринчи радионун” түз эфиринде билдирди.
Анын айтымында, 2021-2025-жылдар аралыгында эки өлкөнүн товар жүгүртүүсү дээрлик эки эсеге өсүүдө.
“Импорт да көбөйүүдө, биздин импорттогу негизги тармагыбыз болуп фармацевтикалык товарлар эсептелет. Ал эми экспортту алып карасак, айыл чарба продукциясы экспорттун негизги көлөмүн түзөт. Айыл чарба продукциясын, кайра иштетилген продукцияларды экспорттоо боюнча бир нече иштерди алып баруудабыз. Азыркы учурда Пакистан өлкөсү биздин буурчак менен пиязга болгон кызыкдарлыгын билдирди. Бул багытта да тийиштүү иштерди алып барып жатабыз”, - деди Максүтов.