Бишкек, 15.06.26. /Кабар/. Жакында президент "Салык салуу жана салыктык башкаруу системасын өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө" жарлыкка кол койгон.
Мамлекеттик салык кызматынан билдиришкендей, анда ишкердикти колдоого, салыктык башкарууну жакшыртууга жана салык системасынын натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган комплекстүү чаралар каралган.
Аталган документтин алкагында:
– ишкерлерге 2026-жылдын 1-октябрына чейин бирдиктүү салык режиминен жалпы салык режимине өтүүгө мүмкүнчүлүк берилет. Бул чара салык режимин тандоо шарттарын кеңейтүүгө жана бизнести өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө багытталган;
– КР мамлекеттик чек арасынын кыргыз-тажик тилкесинде 2022-жылы болгон окуялардан кийин Баткен облусунун тургундары үчүн турак жайларды курууга катышкан курулуш уюмдарынын салыктык карыздарын эсептен чыгаруу каралган. Бул чечим социалдык мааниси зор мамлекеттик милдеттерди ишке ашырууга салым кошкон уюмдарды колдоого багытталган;
– 2025-жылдын 1-апрелине чейин ашыкча мыйзамдаштырылган товардык калдыктар боюнча маалыматтарды тактоо мүмкүнчүлүгү берилет. Бул чара салык органдары тарабынан кошумча салыктык эсептөөлөрдүн жүргүзүлүшүн алдын алууга багытталган;
– мамлекеттик кадастрдын маалыматтарынын негизинде салыктарды автоматтык түрдө эсептөө боюнча жаңы системага өтүүгө жана кыймылсыз мүлк объекттери жөнүндө маалыматтарды актуалдаштырууга байланыштуу, салык төлөөчүлөр 2026-жыл үчүн мындай эсептөөлөр боюнча туум төлөөдөн бошотулат.
Ошол эле учурда берилген салыктык жеңилдиктерди жана ишкерлер коомчулугун мамлекеттик колдоо чараларын эске алуу менен, товарлардын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө көзөмөлдү күчөтүү зарылдыгы белгиленет.
"Ушуга байланыштуу контрабандалык товарлар үчүн жоопкерчилик чараларын өркүндөтүү, анын ичинде товарлардын наркына жараша айып пулдардын өлчөмүн айырмалоо сунушталууда. Бул чара жазанын адилеттүүлүгүн камсыз кылууга жана көмүскө экономикага каршы күрөшүүнүн натыйжалуулугун жогорулатууга мүмкүндүк берет", - деп айтылат маалыматта.