Бишкек, 15.07.26 /Кабар/. Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин делегациясы Россиянын Краснодар крайына жумушчу сапары менен барды.
Ведомстводон маалымдашкандай, сапардын алкагында министрликтин Дыйканчылык илимий-изилдөө институту менен "АПК КубаньХлеб" ЖЧКсынын ортосунда өз ара түшүнүшүү меморандумуна кол коюлду.

Документке ылайык, Чүй облусунда жогорку сапаттагы үрөндөрдү өндүрүү, селекцияны өнүктүрүү жана заманбап агротехнологияларды жайылтуу боюнча биргелешкен ишкана түзүлөт.
Андан ары кыргыз делегациясы "АПК КубаньХлеб" ишканасынын өндүрүштүк ишмердүүлүгү, тажрыйба талаалары жана заманбап үрөн даярдоочу заводу менен таанышты.

Кыргыз-орус кызматташтыгынын алгачкы жыйынтыгы катары Кыргызстанда россиялык күздүк буудайдын алгачкы гибриддештирүү питомниги уюштурулуп, тарыхта биринчи жолу беденин үрөнү Россияга экспорттолду.
Бул кызматташтык өлкөдө агрардык өсүмдүктөрдүн түшүмдүүлүгүн жогорулатууга жана Кыргызстандын азык-түлүк коопсуздугун чыңдоого багытталган.