Бишкек, 19.05.26. /Кабар/. Бүгүн маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев Тажикстандын маданият министри Матлубахон Амонзода Сатториён менен жолукту.
Ведомстводон маалымдашкандай, жолугушуу ушул күндөрү Кыргызстанда өтүп жаткан Тажикстандын Маданият күндөрүнүн алкагында өттү.
Тараптар Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы маданий-гуманитардык кызматташтыктын учурдагы абалын жана келечектеги өнүгүү багыттарын талкуулашты. Өзгөчө театр, музыка, кино, билим берүү, музей жана китепкана тармактарындагы өз ара байланыштарды кеңейтүү маселелерине көңүл бурулду.
Мамбеталиев 2025-жылы Душанбе шаарында өткөн Кыргызстандын Маданият күндөрү эки элдин достугун жана өз ара урмат-сыйын айгинелеген маанилүү маданий окуя болгонун белгиледи. Ошондой эле маданият элдерди жакындаткан “жумшак күч” катары өз ара ишенимди бекемдөөгө кызмат кыларын айтты.
Тараптар тарыхый-маданий мурастарды сактоо, элдик чыгармачылыкты өнүктүрүү, жаш таланттарды колдоо жана биргелешкен маданий долбоорлорду ишке ашыруу боюнча кызматташууну мындан ары да тереңдетүүгө даяр экендиктерин билдиришти.
Жолугушуунун жыйынтыгында Тажикстандын Маданият күндөрү эки өлкөнүн маданий алакаларын жаңы деңгээлге чыгарып, достук жана ынак коңшулук мамилелерди дагы да бекемдей турганы белгиленди.