Бишкек, 13.02.26. /Кабар/. Кыргызстан Тажикстандын товарлары үчүн ЕАЭБ рыногуна, ошондой эле ВСП+ системасы аркылуу Европа Биримдигине “соода дарбазасы” болууга даяр. Бул тууралуу “Ынтымак Ордодо” өткөн Кыргыз-тажик өкмөттөр аралык кеңешинин биринчи отурумунда министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев билдирди.
Минкаб төрагасы белгилегендей, логистикалык байланыштарды өнүктүрүүдө чек ара инфраструктурасын жакшыртууга жана контролдук-өткөрүү пункттарынын ишинин натыйжалуулугун жогорулатууга басым жасоо зарыл.
“Кыргызстан стратегиялык мааниге ээ болгон ири инфраструктуралык долбоорду – Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолун курууну ишке ашырууда, бул биздин өлкөнүн транзиттик потенциалын кыйла жогорулатат жана анын Евразия мейкиндигиндеги маанилүү логистикалык түйүн катары ролун бекемдейт. Бул транспорттук коридор Тажикстан үчүн да жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат”, - деди ал.
Өз кезегинде Тажикстандын премьер-министри Кохир Расулзода тажик тарап Кыргызстан менен кызматташтыкты чыңдоого өзгөчө маани берерин белгилеп, өкмөттөр аралык кеңеш биргелешкен демилгелерди илгерилетүү, соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү үчүн да жакшы аянтча болорун айтты.