Кыргызстан жана Албания: жаңы мүмкүнчүлүктөргө жол ачкан өнөктөштүк

Экономика Загрузка... 17 Июнь 2026 20:30
photo_53033063_vUm9kAs.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Кыргызстан менен Албания экономикалык кызматташтыгын ар кыл тармактар аркылуу кеңейтүүнү максат кылышууда. Албаниянын президенти Байрам Бегайдын Кыргызстанга расмий сапары эки тараптуу алаканын артыкчылыктуу багыттарына дем берери белгиленип жатат. “Кабар” агенттиги Кыргызстан менен Албаниянын экономикалык кызматташтыгынын учурдагы абалы жана алдыдагы пландары тууралуу айтып берет.

Кыргызстан менен Албаниянын ортосундагы товар жүгүртүү былтыр 69,8 миң долларды түзгөн. Бул 2024-жылга салыштырмалуу 33,4 эсеге көбөйгөн. Анын ичинен импорт 33,3%ды түзгөн. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Кыргызстандан Албанияга буурчак, авиакеросин, бал, консерваланган эт экспорттолгон.

Ал эми Албаниядан биздин өлкөгө бут кийим жана кийим-кече келген.

Быйыл 4 айдын ичинде эки өлкө ортосундагы товар жүгүртүү 39,7 миң долларга жетти. Бул 2025-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 10,7 эсеге жогорулады.

  • импорт – 16,6 миң доллар
  • экспорт – 23,1 миң доллар

“Кабар” агенттигине Улуттук статистика комитетинен маалымдашкандай, акыркы жылдары Кыргызстанга Албаниядан келген инвестициялардын агымы өсүүдө.

Мисалы, 2010-жылы 0,2 миң АКШ долларын түзсө, 2019-жылы бул көрсөткүч 111,7 миң АКШ долларына жеткен.

WhatsApp Image 2026-06-17 at 13.28.06

Кыргызстан менен Албания айыл чарба, туризм, транспорт, санариптештирүү жана башка багыттарда кызматташууга кызыкдар болууда. Бул тармактарда иштер алга жылса эки мамлекеттин экономикасынын өнүгүшүнө салым кошмокчу. Анын эсебинен өз ара товар жүгүртүү дагы бир кыйла өсөт.

Ошол эле маалда Кыргызстандын Евробиримдиктин учуулар коопсуздугу боюнча “кара тизмесинен” чыгышы эки өлкөнүн алакасын дагы да жакындатмакчы. Мында түз аба каттамдары ачылып, жүк ташуулардын көлөмүн көбөйтүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт. Туристтердин агымына да оң таасирин тийгизет.

Мындан тышкары, эки өлкөнүн Соода-өнөр жай палаталарынын ортосунда өз ара аракеттенүүнү жана өнөктөштүктү бекемдөө зарылдыгы белгиленүүдө.

Эки өлкөнүн тең бардык тармактарда алаканы арттырууга потенциалы бар.

2026-жылдын беш айында Кыргызстандын ички дүң продуктусу (ИДП) алдын ала эсептөөлөр боюнча 781 млрд сомду түзүп, 12,2% реалдуу өсүш темпин көрсөттү. Курулуш – 64,6%, өнөр жай – 14,4% , тейлөө тармагы – 7% жана айыл чарбасында 3,7% өсүш байкалды.

WhatsApp Image 2026-06-08 at 17.10.29 (5).jpeg

Кыргызстандын экономикасы чет элдик бизнес үчүн жогорку жагымдуулугун көрсөтүүнү улантууда. Инвесторлор үчүн маалымат жана байланыш, саламаттык сактоо, социалдык тейлөө, транспорт, тоо-кен жана кайра иштетүү өнөр жайы жагымдуу тармактардан болууда.

Албаниянын да экономикасы кызмат көрсөтүү, туризм, айыл чарба, курулуш тармактарынын эсебинен стабилдүү түрдө өсүп жатат.

WhatsApp Image 2026-06-17 at 15.17.11

Туризм жана кызмат көрсөтүү чөйрөсү негизги өсүштү камсыздап келет. Эл аралык саякатчылардын кызыгуусун жараткан курорттор жана тарыхый жерлер аркылуу өлкөгө киреше көп түшүүдө. Ошондой эле айыл чарба, тоо-кен тармактарында потенциалдар кеңири.

Президент Садыр Жапаровдун чакыруусу менен Албаниянын президенти Байрам Бегай Кыргызстанга расмий сапары менен келиши кызматташтыктын актуалдуу маселелери боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө өбөлгө түзмөкчү. Анткени тараптар экономика, айыл чарба, туризм, транспорт, санариптештирүү жана башка багыттарда мындан аркы өз ара аракеттенүү жөнүндө пикир алмашат.

Белгилей кетсек, Албаниянын президентинин расмий сапары кыргыз-албан мамилелеринин тарыхында биринчи жолу болуп жаткандыктан, кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүгө пайдубал болуп берет.

photo_53033063_zXR2s4l.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90

Экономика илимдеринин доктору Гүлназ Супаева “Кабар” агенттигине билдиргендей, Кыргызстан менен Албаниянын ортосундагы соода-сатык, туризм жана инвестиция багыттарын жигердүү өнүктүрүүнү колго ала башташты. Мамлекеттердин географиялык жактан алыстыгына карабастан, логистикалык система түзүү жана санариптик кызматташтык аркылуу байланышты бекемдөөгө чоң мүмкүнчүлүктөрү бар.

WhatsApp Image 2026-06-17 at 19.26.26

“Кызматташуунун келечектүү багыттары болуп туризм сектору жана айыл чарба эсептелет. Албания деңиз жээгинде жайгашкандыктан, туризм индустриясы абдан өнүккөн. Кыргызстан өзүнүн тоолуу туризми, ал эми Албания деңиз жээгиндеги эс алуу тажрыйбасы менен бөлүшүп, биргелешкен туристтик долбоорлорду жана аба каттамдарды уюштурууну пландаса болчудай. Бул эки өлкө үчүн мультипликативдик эффект берип, экономиканын башка тармактарын өнүктурүүгө салым кошот. Айыл чарба жана соода тармагы боюнча айтсак, Кыргызстан Албанияга экологиялык таза бал, кургатылган жемиштер, жаңгак, төө буурчак, улуттук суусундуктарды жана эт азыктарын экспорттоону көбөйтсө болот. Ал эми Албаниядан зайтун майы (оливковое масло), цитрус жемиштери жана деңиз азыктарын импорттоого жол ачылат", - деди экономист.

Гүлназ Супаева бул байланыштарды ишке ашыруу үчүн эки өлкөнүн Ишкерлер кеңешин түзүү жана биргелешкен бизнес форумдарды өткөрүү зарыл экендигин белгиледи.