Бишкек, 16.02.26. /Кабар/. Бүгүн, 16-февралда Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев Пакистан Ислам Республикасынын Кыргызстандагы элчиси Алтамаш Вазир Ханды кабыл алды.
Парламенттен билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки өлкө ортосундагы саясий-экономикалык байланыштарды өнүктүрүү жана парламенттер аралык кызматташтыкты кеңейтүү маселелерин талкуулашты.
Марлен Маматалиев элчини дипломатиялык ишмердүүлүгүнүн башталышы менен куттуктап, Кыргызстан Пакистан менен бардык багыттар боюнча кызматташууга өзгөчө маани берерин белгиледи. Ал мамлекет башчысы Садыр Жапаровдун Пакистанга болгон акыркы сапары жемиштүү болгонун эске салып, жетишилген келишимдерди ишке ашырууда парламенттик колдоо көрсөтүүгө даяр экенин билдирди.
"Биздин соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык байланыштарды тереңдетүү үчүн мүмкүнчүлүктөрүбүз өтө чоң. Ошону менен катар депутаттык достук топторунун алкагында диалогду күчөтүп, эки тараптуу иш сапарларды уюштуруу зарыл", — деди Марлен Маматалиев.
Өз кезегинде элчи Алтамаш Вазир Хан төраганы кызматка шайланышы менен куттуктап, эки тараптуу алаканы жаңы баскычка көтөрүүгө кызыкдар экенин айтты. Ал ошондой эле Марлен Маматалиевди Пакистанга расмий сапар менен келип кетүүгө чакырды.
"Кыргызстан пакистандык ишкерлер үчүн Борбор Азияга ачылган дарбаза болуп саналат. Бул артыкчылыкты пайдалануу менен соода байланыштарын жакшыртуу учур талабы", — деп белгиледи Алтамаш Вазир Хан.
Тараптар жолугушуунун соңунда биргелешкен инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу жана экономикалык өнөктөштүктү активдештирүү зарылчылыгын ортого салышты.