Бишкек, 21.07.26. /Кабар/. Саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов БУУнун Жол кыймылынын коопсуздугу боюнча фондунун (UNRSF) өнөктөштүк конференциясына катышты.
Ведомстводон маалымдашкандай, иш-чара БУУнун Башкы ассамблеясынын жол кыймылынын коопсуздугу боюнча жогорку деңгээлдеги жыйынынын алкагында өткөн.
Өз сөзүндө министр Кыргызстан үчүн жол кыймылынын коопсуздугу биринчи кезекте адамдардын өмүрүн сактоо, калктын ден соолугун коргоо жана өлкөнүн туруктуу өнүгүүсүн камсыз кылуу маселеси экенин баса белгиледи.
"Кыргызстан үчүн жол кыймылынын коопсуздугу – бул биринчи кезекте адамдардын өмүрүн сактоо, калктын ден соолугун коргоо жана туруктуу өнүгүүнү камсыз кылуу маселеси. Жол кыймылынын коопсуздугуна багытталган инвестициялар – бул адамдык капиталга жана өлкөлөрүбүздүн келечегине салынган инвестиция", – деди ал.
Министр Кыргызстан медициналык кызматкерлердин кесиптик квалификациясын жогорулатуу, кечиктирилгис медициналык жардам көрсөтүүнүн заманбап эл аралык протоколдорун киргизүү, жол-транспорт кырсыктарына жооп кайтаруу убактысын кыскартуу, ошондой эле саламаттык сактоо системасынын, ички иштер органдарынын, транспорт тармагынын, билим берүү системасынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ортосундагы ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүнү чыңдоо боюнча иштерди улантарын белгиледи.
Баяндамада жол-транспорт кырсыктарынан улам жаракат алуулар боюнча маалыматтарды чогултуу жана талдоо системасын өркүндөтүүгө өзгөчө көңүл бурулду. Бул жол кыймылынын коопсуздугу жаатында натыйжалуу мамлекеттик саясатты иштеп чыгуунун негизги шарттарынын бири экени белгиленди.
Ошондой эле министр Кыргызстан БУУнун Жол кыймылынын коопсуздугу боюнча фондунун 2027-2030-жылдарга карата жаңы стратегиялык этабынын башталышын кубаттап, анын алкагында эл аралык өнөктөштүктү кеңейтүү, кошумча ресурстарды мобилизациялоо жана коопсуз, туруктуу мобилдүүлүктү камсыз кылууга багытталган заманбап чечимдерди киргизүү караларын белгиледи.