Кыргызстанда 20га жакын тоо лыжа базасы бар

Туризм Загрузка... 17 Февраль 2026 11:52
607564760_3674179072725265_4821820506769406900_n.jpg
copyright icon Кабар Жээнбек Сагыналиев

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 17.02.26. /Кабар/. Кыргызстанда 20га жакын тоо лыжа базасы бар. Бул тууралуу Туризм департаментинин директору Эрденет Касымов “Кабар” агенттигинин “Элден собол” берүүсүндө билдирди.

Ал белгилегендей, тоо лыжа базаларынын көпчүлүгү Чүй, Ысык-Көл, Ош облустарында жайгашкан.

“Быйылкы кышта тоо лыжа базаларынын 10-12си активдүү түрдө иштеди. Январь айынын башында айрым базаларга күнүнө 4 миңге жакын эс алуучу келип жатканы байкалды. Туристтик рыноктун ар түрдүүлүгүн көбөйтүш үчүн бир катар милдеттенмелер бар. Тоо лыжа инструкторлорунун ассоциациясы бар. Ошолордун алкагында да бир топ мелдештер өткөрүлдү. Кышкы туризмди даңазалоо боюнча фестивалдар уюштурулду”, - деди ал.