Бишкек, 18.06.26. /Кабар/. Былтыр QR-кодду колдонуу менен жалпысынан 578,9 млн төлөм жүргүзүлдү. Бул тууралуу Улуттук банктын төрагасы Алмаз Бакетаев Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
Анын айтымында, мындагы төлөнгөн каражаттын жалпы суммасы 972,9 млрд сомду туздү. Бул көрсөткүч 2024-жылга салыштырмалуу 4 эсеге жогору.
“Өлкөнүн төлөм системасы санариптештирүүнүн алкагында динамикалуу өнүгүүсүн улантууда. Соода-тейлөө ишканаларында, ошондой эле мамлекеттик жана муниципалдык мекемелерде 114,1 миң QR-код орнотулган. Бул 2024-жылга салыштырмалуу 1,8 эсеге көп”, - деди ал.