Кыргызстанда этностор ынтымакта жана биримдикте жашап жатат

Коом Загрузка... 21 Май 2026 10:45
WhatsApp Image 2026-05-21 at 11.02.02 (3).jpeg
copyright icon Кабар Жээнбек Сагыналиев

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 21.05.26. /Кабар/. Эгемендикке ээ болгон алгачкы жылдардан тартып, Кыргызстанда дин чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты калыптандыруу жана этностор аралык ынтымакты бекемдөө маселелери ар дайым артыкчылыктуу багыт катары ийгиликтүү ишке ашырылып келет. Бул тууралуу президент Садыр Жапаровдун Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттиктин 30 жылдык мааракесине арналган куттуктоосунда айтылат.

Өлкө башчысынын куттуктоо сөзүн министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев бүгүн "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында өтүп жаткан салтанаттуу иш-чарада катышуучуларга жеткирди.

"Учурда өлкөбүздө этностор ынтымакта жана биримдикте жуурулуша жашап, эгемен мамлекетибизди биргелешип өнүктүрүп келебиз. Бул албетте, туура жүргүзүлгөн мамлекеттик саясаттын жана элибиздин ички маданий күчүнүн жыйынтыгы. Мына ошол озуйпаны бүгүнкү маараке ээлери үч он жылдык ичинде бийик жоопкерчилик менен аткарып, коомдук туруктуулукту, конвенциялар аралык тынчтыкты жана жарандардын биримдигин камсыз кылып беришти. Андыктан оболу баарыңыздарды президентке караштуу Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттиктин 30 жылдык мааракеси менен чын дилимден куттуктайм", - деп белгилеген президент.

Ошондой эле мамлекет башчысы бүгүнкү күндө диний жана этностор аралык чөйрөдө натыйжалуу иш алып баруу үчүн шарт түзүү мамлекеттин маанилүү милдеттеринин бири экендигин айткан.

Мындан тышкары, мамлекеттик саясатты жаңы сапаттык деңгээлге көтөрүү багытында аталган агенттик стратегиялык документтердин алкагындагы иштерди координациялап, жарандык интеграция жана социалдык бекемдөө жаатында бир катар долбоорлорду жүзөгө ашырып жатканын белгилеген.

Кошумчалай кетсек, бүгүн "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында аталган агенттиктин 30 жылдык мааркесине карата Улуттук иденттүүлүк жана руханий баалуулуктар боюнча эл аралык илимий-практикалык конференция өтүүдө.