Кыргызстанда Кыргыз-герман ишкердик кеңешинин жыйыны өтөт

Министрлер кабинети Загрузка... 20 Июнь 2026 14:30
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Министрлер кабинети

Бишкек, 20.06.26. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Кыргызстандын Бавария жана Тюрингиядагы ардактуу башкы консулу Райнхольд Крэммелди кабыл алды. 

Тараптар эки өлкөнүн ортосунда экономика, инвестициялар жана бизнес-форумдарды өткөрүү сыяктуу багыттарда кызматташтыкты тереңдетүү мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.

Ошондой эле минкаб башчысы Кыргыз-герман ишкердик кеңешинин алкагындагы кызматташтык ырааттуу өнүгүп жатканын канааттануу менен белгиледи.

Тараптар Кыргыз-герман ишкердик кеңешинин кезектеги жыйынын ушул жылдын сентябрь айында Кыргызстанда өткөрүү тууралуу макулдашып, анын мазмундук бөлүгүн даярдоо иштерин баштоонун маанилүүлүгүн белгилешти.

Райнхольд Крэммель бир катар маселелерди көтөрүп, анын ичинде Кыргызстанда кичи жана орто бизнести өнүктүрүү боюнча чараларды көрүү зарылдыгына көңүл бурду.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар өз ара пайдалуу кызматташтыкты мындан ары да чыңдоого жана кыргыз-герман экономикалык байланыштарын өнүктүрүүгө даяр экендиктерин ырасташты.