Кыргызстанда саламаттык сактоону каржылоо эки эседен ашык өстү

Ден соолук Загрузка... 22 Май 2026 17:20
0-м.jpg
copyright icon WWW

Бишкек, 22.05.26. /Кабар/. Кыргызстанда акыркы жылдарда саламаттык сактоо тармагын реформалоо жана колдоо саясаты активдүү жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу вице-премьер-министр Улан Маматканов Бишкекте өткөн органдарды трансплантациялоо жана донорлук боюнча эл аралык симпозиумда билдирди.

Ал саламаттык сактоо тармагын каржылоо 2021-жылдагы 21,5 млрд сомдон 2025-жылы 52 млрд сомго чейин олуттуу көбөйгөнүн, медицина кызматкерлеринин эмгек акысы жогорулаганын белгиледи.

"Акыркы үч жылда мамлекеттин колдоосу менен жигердүү иштер башталды. Республикалык бюджеттин эсебинен 55 бөйрөк алмаштыруу операциясы жасалды. Анын 42си Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда, 13ү Кыргыз-Түрк достугу ооруканасында жасалган. Ошондой эле мамлекеттин каржылоосу менен 3 жолу боорду алмаштыруу операциясы жасалды. 2024-жылы Кыргызстанда биринчи жолу жилик чучугун алмаштыруу операциясы ийгиликтүү болгон", - деп айтылат маалыматта.