Беларусь тарапка кыргызстандык бейтаптар үчүн квота бөлүү сунушталды

Ден соолук Загрузка... 22 Май 2026 15:30
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Жогорку Кеңеш

Бишкек, 22.05.26. /Кабар/. Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев Беларустун Улуттук жыйынынын Республикалык кеңешинин төрайымы Наталья Кочанова менен жолукту.

Парламенттен билдиришкендей, жолугушуу Санкт-Петербургда КМШ Парламенттер аралык ассамблеясынын иш-чараларынын алкагында өттү.

Жолугушууда тараптар парламенттер аралык алакаларды арттыруу жана мамлекеттер аралык кызматташтыкты чыңдоо маселелерин талкуулашты.

Маматалиев акыркы жылдары кыргыз-беларусь мамилелери жигердүү өнүгүп жатканын белгилеп, эки өлкө ортосундагы соода-экономикалык байланыштарга токтолду.

"Биздин алдыбызда 2030-жылга чейин эки тараптуу товар жүгүртүүнү 500 млн долларга жеткирүү боюнча амбициялуу максат турат. Муну биргелешкен аракеттер аркылуу ишке ашырышыбыз керек", - деди Маматалиев.

Мындан сырткары, төрага Жогорку Кеңешти санариптештирүү багытында жүрүп жаткан реформалар тууралуу сөз кылып, бул жааттагы тажрыйбалар менен бөлүшүүгө даяр экенин билдирди.

Ошондой эле төрага Беларусь онкологиялык ооруларды дарылоодо жана органдарды трансплантациялоодо чоң тажрыйбага ээ экенин белгилеп, кыргызстандык бейтаптарды акысыз дарылоо үчүн атайын квоталарды бөлүп берүү мүмкүнчүлүгүн кароону сунуштады. Ал мындай тажрыйба буга чейин Түркия менен ийгиликтүү колдонулуп жатканын мисал келтирди.

Ошондой эле Марлен Маматалиев кесиптешин Кыргызстанда өтө турган VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына чакырды.

Өз кезегинде Наталья Кочанова эки өлкө башчыларынын саясий эркинин аркасында кызматташтык жаңы деңгээлге чыкканын баса белгиледи.

"Биз калыптанган мамилелерди сактап калуу менен гана чектелбестен, парламенттер аралык өз ара аракеттенүүнү ырааттуу бекемдөөгө тийишпиз", - деди төрайым.

Кочанова беларусь тарап азык-түлүк экспорттоо, машина куруу жана саламаттык сактоо жаатында тажрыйба бөлүшүүгө даяр экенин билдирди.