Бишкек, 22.05.26. /Кабар/. Органдардын донорлугу жана трансплантациясы маселелери боюнча өтүп жаткан эл аралык симпозиум трансплантологдордун көйгөйлөрүнө арналган. Бул тууралуу Бишкекте өтүп жаткан эл аралык симпозиумда Казакстандан келген профессор Болатбек Баймаханов билдирди.
Анын айтымында, акыркы убакта бул тармак Кыргызстанда жигердүү өнүгө баштады, учурда мында бөйрөк жана боор алмаштыруу операциялары жасалууда. Ал эми Казакстанда трансплантология тармагы эбак эле өнүгүп баштаган. Өлкөдө алгачкы жолу бөйрөк алмаштыруу операциясы 1979-жылы, ал эми боорду көчүрүү 1996-жылы жасалган.
"Акыркы 11-12 жылдын ичинде биздин өлкөдө 3000ден ашык трансплантациялык операция аткарылды. Алардын басымдуу бөлүгү бөйрөк менен боор, ошондой эле жүрөк, өпкө жана уйку бези. Биз Кыргызстанга өз тажрыйбабыз менен бөлүшүү үчүн келдик. Бүгүн бул жерге көптөгөн өлкөлөрдүн эксперттери чогулду. Алардын максаты – бул татаал жана узак жолду жаңыдан баштап жаткан кыргызстандык кесиптештерибизге туура багыт тандоого көмөктөшүү. Аларга ийгилик каалайм!", – деди ал.
Ошондой эле профессор казак тарап кыргыз кесиптештерине практикалык да, теориялык да жактан кандай гана жардам болбосун көрсөтүүгө даяр экенин белгиледи.
"Аймактагы трансплантациянын башкы көйгөйлөрүнүн бири – бул органдардын жетишсиздиги. Борбор Азия өлкөлөрүндө трансплантация негизинен тирүү донорлордон ишке ашырылат. Биз көз жумган адамдардын донорлугун өнүктүрүшүбүз керек. Бул багытты өнүктүрмөйүнчө, муктаждыктарды эч качан толук жаба албайбыз. Ошондуктан бул багытта күчөтүлгөн тартипте иш алып баруу зарыл. Казакстанда бул маселе абдан жай өнүгүп жатат, операциялардын дээрлик 90 пайызы тирүү донорлордон жасалат. Акыркы убакта жылыштар бар, бирок алар көп эмес. Буга калктын менталитети жана донорлукка даяр эместиги себеп болууда. Үстүнөн иштей турган маселелер абдан көп. Биз бул иш менен 25 жылдан бери алектенип келебиз, мыйзамыбыз жол бергенине карабастан, алдыга жылуу жай болууда", – деп кошумчалады Б. Баймаханов.
Белгилей кетсек, бүгүн Бишкекте Кыргызстан, Түркия, АКШ, Казакстан, Беларусь, Өзбекстан, Грузия, Иордания, Сирия жана башка өлкөлөрдүн алдыңкы адистеринин катышуусунда органдардын донорлугу жана трансплантациясы маселелери боюнча эл аралык симпозиум өтүп жатат.