Бишкекте органдарды трансплантациялоо боюнча эл аралык симпозиум өтүүдө

Ден соолук Загрузка... 22 Май 2026 10:05
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Кабар

Бишкек, 22.05.26. /Кабар/. Бүгүн Бишкекте донорлук жана органдарды трансплантациялоо маселелери боюнча эл аралык симпозиум өтүүдө.

Ага Кыргызстан, Түркия, АКШ, Казакстан, Беларусь, Өзбекстан, Грузия, Иордания, Сирия жана башка өлкөлөрдүн алдыңкы адистери катышууда.

Иш-чарага министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Улан Маматканов, саламаттык сактоо министри Дамирбек Осмонов жана чет өлкөлүк коноктор катышууда.

Симпозиумдун алкагында органдарды трансплантациялоонун заманбап ыкмалары, донордук системаларды өнүктүрүү, балдар жана чоңдордун трансплантологиясы, укуктук жана этикалык аспектилер, ошондой эле трансплантациялык жардамды уюштуруунун эл аралык тажрыйбасы талкууланат.