Кыргызстанда Starlink интернети алгачкы жолу бийик тоолуу мектепке туташтырылды

Министрлер кабинети Загрузка... 25 Май 2026 12:55
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Министрлер кабинети

Бишкек, 25.05.26. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев видеоконференция режиминде Ысык-Көл облусунун бийик тоолуу Эңилчек айылындагы жалпы билим берүүчү мектепте жогорку ылдамдыктагы спутниктик интернеттин ишин расмий түрдө баштап берди.

Географиялык абалынын татаалдыгынан жана жер үстүндөгү коммуникациялардын жоктугунан улам буга чейин глобалдык тармакка чыга албаган Эңилчек айылындагы мектеп Starlink спутниктик системасы аркылуу кошулган өлкөдөгү биринчи социалдык объект болуп калды.

Окуучуларды жана мугалимдерди бул окуя менен куттуктап, Адылбек Касымалиев билим берүүнү санариптештирүү жана жарандардын жашаган жерине карабастан, бардыгы үчүн билимге бирдей жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыты экенин баса белгиледи.

Практикалык колдоо катары министрлер кабинетинин башчысы окуу классын жабдуу үчүн мектепке 5 заманбап компьютер тапшырды. Жаңы жабдуулар жана интернет байланышы мүмкүн болушунча натыйжалуу пайдаланылышы үчүн Адылбек Касымалиев Агартуу министрлигине Эңилчек айылындагы мектепти ведомствонун бардык мамлекеттик маалыматтык системаларына тез арада интеграциялоону, санариптик билим берүү ресурстарына жана электрондук маалымат базаларына жеткиликтүүлүктү камсыз кылууну тапшырды.

"Бүгүн заманбап технологияларга жетүү биздин тоолуу республикабыздын эң алыскы бурчтарында да ачылууда. Эңилчектеги мектепти кошуу өтө маанилүү кадам. Бүгүнкү күндө өлкөдө интернетке кошула элек 6 гана мектеп бар. Алардын сапаттуу жана туруктуу байланышын камсыз кылуу биздин кийинки артыкчылыктуу милдетибиз болуп саналат, ал жакынкы аралыкта чечилет", - деди минкаб башчысы.

Министрлер кабинетинин техникалык жана укуктук аспектилерди иштеп чыгуу боюнча системалуу ишинин аркасында 2026-жылдын 23-майынан тартып Кыргызстан starlink.com глобалдык картасындагы активдүү камтуу зонасында расмий түрдө пайда болду. Ошондой эле, биздин өлкөнүн аймагында жергиликтүү өнөктөш катары эл аралык стандарттарга толук ылайык келген масштабдуу техникалык инфраструктураны ишке ашырган "ЭлКат" ЖЧКсы чыкканын белгилей кетүү керек.

Маалымат үчүн: Пилоттук долбоор КР президентинин 2025-жылдын 3-октябрындагы №276 "Геостационардык эмес спутниктик системаларды пайдалануу боюнча пилоттук долбоорду өткөрүү жөнүндө" жарлыгын аткаруунун алкагында ишке ашырылууда.

Бүгүнкү күндө долбоорду ишке киргизүү үчүн мамлекет тарабынан белгиленген бардык техникалык жана юридикалык талаптарды аткарган компания SpaceX болуп саналат. Ошол эле учурда министрлер кабинети ачык-айкындуулук жана эркин атаандаштык принциптерине берилгендигин ырастайт: долбоор бир провайдер менен чектелбейт. Спутниктик интернет кызматтарын көрсөткөн жана мамлекеттик коопсуздук менен сапат стандарттарына жооп берген ар кандай технологиялык компания республиканын аймагында долбоорду ишке ашырууга катышууга арыз берүүгө укуктуу.