Бишкек, 22.05.26. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Улан Маматканов 10дон ашуун өлкөнүн алдыңкы окумуштуулары менен дарыгерлеринин башын бириктирген органдардын донорлугу жана трансплантациясы боюнча эл аралык симпозиумга катышты.
Катышуучулардын алдында Улан Маматканов трансплантологияны өнүктүрүү заманбап технологиялардын, инновациялык диагностикалык методдордун, эл аралык тажрыйба алмашуунун аркасында адамдардын өмүрүн сактап калуу үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачып жатканын белгиледи. Ал мындай илимий платформалар профессионалдык кызматташтыкты чыңдоого, медициналык практиканы жакшыртууга жана трансплантология тармагындагы алдыңкы чечимдерди ишке ашырууга өбөлгө түзөрүн билдирди.
Минкаб төрагасынын орун басары акыркы жылдарда республикада жүргүзүлүп жаткан саламаттык сактоо саясатына токтолуп, саламаттык сактоо тармагын каржылоо 2021-жылдагы 21,5 миллиард сомдон 2025-жылы 52 миллиард сомго чейин олуттуу көбөйгөнүн, медицина кызматкерлеринин эмгек акысы жогорулаганын белгиледи.
Акыркы үч жылда мамлекеттин колдоосу менен жигердүү иштер башталды: республикалык бюджеттин эсебинен 55 бөйрөк алмаштыруу операциясы жасалды. Анын 42си Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда, 13ү Режеп Тайып Эрдоган атындагы Кыргыз-түрк достугу ооруканасында жасалган. Ошондой эле мамлекеттин каржылоосу менен 3 ирет боорду алмаштыруу операциясы жасалды. 2024-жылы Кыргызстанда биринчи жолу жилик чучугун алмаштыруу операциясы ийгиликтүү ишке ашкан.
Минкаб төрагасынын орун басары Улан Маматканов жетишилген жыйынтыктар мамлекеттик колдоонун, медициналык инфраструктураны чыңдоонун, адистерди даярдоонун жана эл аралык кызматташуунун аркасында мүмкүн болгонун баса белгиледи. Ал ошондой эле ондогон кыргыз дарыгерлери трансплантология боюнча квалификациясын жогорулатуу үчүн чет өлкөлөрдөн билим алышканын белгиледи.
“Министрлер кабинети трансплантология кызматын өнүктүрүүнү мындан ары да колдоого алат”, - деп жыйынтыктады ал.
Симпозиумда бөйрөк, боор жана жүрөк трансплантациясына заманбап ыкмалар, донордук, анестезияны башкаруу, иммунологиялык шайкештик, инфекциялык коопсуздук, трансплантациянын укуктук жана этикалык аспектилери талкууланды. Балдардын трансплантациясын өнүктүрүүгө жана медициналык кадрларды даярдоого өзгөчө көңүл бурулду.