Маматканов: Медицинада тажрыйба алмашуу – ийгиликтин өзөгү

Министрлер кабинети Загрузка... 22 Май 2026 12:15
5217549258305773094.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp

Бишкек, 22.05.26. /Кабар/. Саламаттык сактоо эң маанилүү социалдык тармактардын бири болуп саналат жана адамзат күн сайын толгон-токой сыноолорго туш келүүдө. Ошол эле учурда ар кандай оорулардын түрлөрү менен катар медицина да тынымсыз өнүгүп жатат. Бул тууралуу бүгүн Бишкекте өтүп жаткан Донорлук жана органдарды трансплантациялоо маселелери боюнча эл аралык симпозиумда министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Улан Маматканов билдирди.

Анын айтымында, трансплантология тармагы да заманбап дүйнөнүн чексиз мүмкүнчүлүктөрүнөн артта калган жок.

"Жаңы технологиялар жана заманбап диагностикалык ыкмалар бейтаптарга өз убагында көмөк көрсөтүүгө шарт түзүүдө. Муну менен бирге, бул багытта билим алуу жана тажрыйба алмашуу өтө маанилүү. Медицинада тажрыйба бөлүшүү — ийгиликтин өзөгү. Мындай иш-чаралар катачылыктарды алдын алууга жана кызматташтыкты чыңдоого чоң жардам берет", - деди минкабдын төрагасынын орун басары.

Ал кошумчалагандай, бүгүнкү симпозиум Түркия, Россия, Беларусь, Азербайжан, Грузия, Индия, Иордания, Сирия жана жакынкы коңшу өлкөлөрдүн белгилүү окумуштуулары менен дарыгерлеринин башын бириктирди.