Кыргызстандык балбандар Монголияда рейтингдик мелдешке катышат

Спорт Загрузка... 30 Май 2026 11:30
604689090_3668926716583834_2073532277531287661_n.jpg
copyright icon Кабар Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 30.05.26. /Кабар/. 3–8-июнь күндөрү Монголиянын Улан-Батор шаарында спорттук күрөш боюнча “Open Ulaanbaatar” эл аралык рейтингдик мелдеши өтөт.

Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей, мелдешке Кыргызстандын грек-рим жана эркин күрөш боюнча улуттук курама командалары катышат.

Эл аралык рейтингдик турнирде дүйнөнүн бир катар өлкөлөрүнөн келген балбандар күч сынашат.

Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча улуттук курама командасынын курамы:
60 кг чейин — Акыл Сулайманов;
63 кг чейин — Жоламан Шаршенбеков;
72 кг чейин — Амантур Исмаилов;
72 кг чейин — Жантөрө Мырзалиев;
72 кг чейин — Аманат Самат уулу;
77 кг чейин — Бекзат Орункул уулу;
82 кг чейин — Имур Темирбеков;
87 кг чейин — Азат Салидинов.
Улук машыктыруучу — Арсен Эралиев;
Башкы машыктыруучу — Улук Карачолоков.

Кыргызстандын эркин күрөшү боюнча улуттук курама командасынын курамы:
61 кг чейин — Өмүрбек Асан уулу;
70 кг чейин — Аден Сакыбаев;
70 кг чейин — Рустам Кахаров;
79 кг чейин — Бекзат Рахимов;
86 кг чейин — Малик Шаваев.
Улук машыктыруучу — Догдурбек уулу Эламан.