Ысык-Көлдө өтчү UIM F1H2O дүйнө чемпионатында экологиялык талаптар дыкат сакталат

Спорт Загрузка... 26 Май 2026 19:25
UIM_F1H2O_Sharjah_2025_Palfrader_A77I6887.jpg

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Кыргызстанда "UIM F1H2O дүйнө чемпионаты болот. Бул эл аралык спорттук иш-чара Ысык-Көлдө өткөрүлгөнү турат. Суу-мотордук Формула-1 боюнча дүйнө чемпионаты Борбор Азияда биринчи жолу өткөнү жатат. Мелдеш Кыргызстандын туристтик жана инвестициялык потенциалын дүйнөлүк аудиторияга таанытууга мүмкүндүк берери айтылууда.

image (1)

Мелдешти утурлай UIM F1H2O World Championship суудагы Формула-1 кайык жарышын уюштурган Union Internationale Motonautique эл аралык федерация өзүнүн расмий сайтына Кыргызстандын бермети болгон Ысык-Көлдө өткөрүлө тургандыгын жарыялады.

home-overview-3

Анда 2026-жылдагы F1H2O дүйнө чемпионаты дүйнө жүзү боюнча жети жарыштан турган календардын бир бөлүгү болгон Борбор Азиянын биринчи Гран-приси менен тарыхта калары белгиленген. Италиянын Кальяри шаарында 29–31-майда сезондун ачылышынан кийин чемпионат Кыргызстандагы Ысык-Көлдө өтөт, андан кийин спорттук иш-чара Шанхай, Жидда шаарларына болуп, Шаржада аяктайт.

“Кыргызстандын биринчи Гран-приси 31-июлдан 2-августка чейин Ысык-Көлдө өтөт. Бул чемпионат Борбор Азиядагы биринчи F1H2O жарышы болуп саналат. Ысык-Көл деңиз деңгээлинен 1600 метрден ашык бийиктикте жайгашкандыктан, чемпионаттын тарыхындагы эң бийик тоолуу жай болот”, - деп айтылат маалыматта.

651512820_26239710205648974_5501354470831191027_n

Буга чейин президент Садыр Жапаров 14-мартта Эл аралык суу-мотор спорту союзунун (Union Internationale Motonautique) президенти Раффаэле Чиуллини кабыл алган. Жолугушууда аталган спорт түрү боюнча кызматташууну мындан ары өнүктүрүү жана союздун колдоосу менен Кыргызстанда эл аралык мелдештерди өткөрүү мүмкүнчүлүгү талкууланган болчу.

Садыр Жапаров жана Раффаэле Чиулли Борбор Азияда биринчи жолу өткөрүлө турган UIM F1H20 суудагы Формула-1 дүйнө чемпионаты Ысык-Көлдүн туристтик мүмкүнчүлүгүн көрсөтүүгө, улуттук брендди эл аралык аренада илгерилетүүнүн натыйжалуу куралы болоруна ишеним билдиришкен эле.

image

Мындай мелдештер Кытай, Бириккен Араб Эмираттары, Катар, Индонезия, Сауд Аравиясы, Вьетнам жана башка өлкөлөрдө өткөнүн айтып, суу үстүндөгү жарыштар дүйнөдөгү эң көркөм жана кызыктуу спорт түрлөрүнүн бири экенин белгиледи. Алар дүйнөнүн 86дан ашуун өлкөсүндө көрсөтүлүп, 900 миллиондон ашуун көрүүчүнү камтыйт.

Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Эдуард Кубатов "Кабар" агенттигине билдиргендей, бул мелдеш 1981-жылдан бери уюштуруп келе жатат.

Сууда өтө турган жарышка 25 катышуучу келет. Мелдеш түз эфирде 100 өлкөгө көрсөтүлөт. Спорттук иш-чараны көрүүгө Кыргызстанга 10 миңдей турист келери күтүлүүдө. Жалпы дүйнө жүзү боюнча Формула-1 жарышынын 800 миллионго жакын күйөрманы бар.

image (1)

Эдуард Кубатов белгилегендей, ондогон жылдардан бери уюштуруп келе жаткан мелдештин экологиялык тартиби жана эл аралык стандарттары абдан жогору.

“Бириккен Улуттар Уюмунун эл аралык талаптары суудагы Формула-1 мелдешинде аткарылат. Эгерде жарыш экологияга зыян келтирсе, Шанхай, Сидней шаарларында же Түндүк Америкада же ошол эле Италия, Жиддада өтпөйт эле да. Бул экологияга зыян экен деп туруп, өткөрүлмөк эмес. Суудагы Формула жарышы дүйнөдөгү эң ири чемпионат болуп саналат. Ошол мелдеш тарыхта биринчи жолу Ысык-Көлдө өтөт. Жүз өлкөгө Кыргызстандын Ысык-Көлү таанылат. Бир дагы тамчы күйүүчү май сууга түшпөйт. Экологиялык талаптарды сактоого көңүл бурган атайын комиссия, экспертиза болот. БУУнун адистери менен биргеликте иш жүргүзөбүз. Эгерде комиссиянын чечими башкача болсо, анда биз жарышты токтотобуз”, - деди ал.

Мындан улам Эдуард Кубатов Формула-1 жарышы боюнча жалган сөздөрдү айтып, элди дүрбөлөңгө салуу туура эмес экендигин айтат.

f1h2o_sharjah_2025_arek_rejs-3683

“Биз Кыргызстанга мындай чоң долбоорлорду алып келбесек, кантип өнүгөбүз. Көлдө атайын топ иштейт. Эки катер дайындалат. Кырсык болуп жарыш учурунда катерлер кагылышып кетсе, тез арада катерди жээкке чыгарганга аракет кылабыз. Ошол эле маалда кайыкта экологияга зыян тийгизбегендей эки системасы бар. Экөө тең кагылышканда иштеп баштайт. Кайык сууга чөкпөшү үчүн атайын коопсуздук жаздыкчасы жардам берет. Ошондуктан мында абдан жогору деңгээлде турган технология иштейт”, - деп белгиледи ал.

Кубатовдун айтымында, жарышты уюштуруп келген эл аралык федерация жалпысынан 200дөн ашык иш-чараларды өткөргөн. Алдыда дагы он жылдан кийин жарышка Кыргызстандын атынан катышуучу чыгып калышы мүмкүн. Бул өлкө үчүн чоң жетишкендик болот.