Бишкек, 06.04.26. /Кабар/. Кыргызстандык мушкер Зафарбек Камилов Стамбул шаарында өткөн "Ahmet Cömert Bosphorus International Boxing Tournament" аттуу эл аралык турниринде күмүш медаль тагынды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт агенттигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, спортчу 55 кг чейинки салмак категориясында күч сынашты. Камилов алгачкы беттешинде Баран Киркозлерди, ал эми кийинки баскычта Нихат Адиянды утту.
Алтын медаль үчүн болгон чечүүчү кармашта мушкер Олимпиада оюндарынын коло байге ээси, түркиялык Семин Кумуш менен кез келди. Кыргыз спортчусу беттеш учурунда колунан жаракат алып, таймашты улантууга мүмкүнчүлүк болгон жок.
Зафарбек Камилов турнирде экинчи орунду ээлеп, мелдештин күмүш медалын тагынды.
Белгилей кетсек, "Ahmet Cömert Bosphorus International Boxing Tournament" Стамбул шаарында 29-марттан 5-апрелге чейин өттү. Аталган мелдеш 34-жолу салттуу түрдө дүйнөнүн күчтүү боксчуларын чогултту.